Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2019

Новости за 11.01.2019

Лукашенко Москвага эскертүү жасады

Azattyk.org 

Беларустун президенти Александр Лукашенко Москва мунай баасына байланыштуу Минскиге кенемте төлөбөсө, "өз өнөктөшүнөн ажырап каларын" эскертти. Лукашенко мындай сөзүн 10-январда өкмөт өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп жатып айтты. Беларус узак убакыттан бери Орусиядан жеңилдетилген тартип менен мунай алуудан жана аны кайра экспортко чыгаруудан пайда таап келет. Орусия өз экономикасынын абалын эске алуу менен Беларуска берилген мунайдын баасын жогорулатууну көздөп жатат. Расмий Минск Москванын мындай... Читать дальше...

Дубай: "Ак шумкардын" күйөрмандары

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол ардагерлери "Ак шумкарларга" кайрылуу жасады. Алар Азия Кубогунда ойноп жаткан Кыргызстандын курама комадасынын кезектеги Түштүк Корея менен боло турган беттешинде жеңишке жетерине ишенерин билдиришти. Бириккен Араб Эмираттарына кыргыз футболчуларын колдоп Кыргызстандан 200дөй футбол күйөрмандары келген. Алардын арасында СССРдин спорт чебери, 1960-70- жылдардагы “Алга” командасынын легендарлуу чабуулчусу Юсуп Мусаев да бар. Андан сырткары Дубайда жашаган жаштар да чогулуп, беттеш өтчү Аль-Айн шаарына аттанган. Читать дальше...

Ошто каза болгон наристени сабоого шектелип жеңеси кармалды

Azattyk.org 

Ош шаарында каза болгон наристеге кол көтөрдү деп шек саналып анын 31 жаштагы жеңеси кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Анда айтылгандай, 10-январда Ош облустук балдар ооруканасына эки жаштагы наристени абасы (баланын атасынын агасы) “тарамышы түйүлүп жатат” деп алып келген. Дарыгерлер аны кароо учурунда бала ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калганын айтып, милицияга кабар беришкен.  Соттук-медициналык экспертиза жүрүшүндө наристенин денеси көгала болгону, ачык жарааттары бар экени аныкталган. Читать дальше...



АКШ баштаган коалиция аскерлерин Сириядан чыгара баштады

Azattyk.org 

АКШ баштаган аскердик коалиция өз күчтөрүн Сириядан чыгаруу жараянын баштады. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын армиясынын басма сөз өкүлү, полковник Шон Раян маалымдады. Бирок ал 11-январдагы билдирүүсүндө аскердик күчтөрдү Сириядан чыгарууга байланыштуу деталдуу маалымат берген жок. "Коопсуздукка байланыштуу биз так мөөнөттү, аскерлердин жайгашкан жерлерин же багытын талкуулабайбыз", - деди Раян. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдиргендей, АКШ баштаган... Читать дальше...

Ырайым берүү: башка өлкөлөрдүн мисалы

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүдөн баш тартты. Ошентип Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандырылган жок.

Жалал-Абадга багыт алган учак кайра Бишкекке келип конду

Azattyk.org 

TezJet авиакомпаниясынын Бишкектен саат 11:48де Жалал-Абад шаарына көздөй бет алган учагы орто жолдон артка кайтып "Манас" аэропортуна конду. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Манас" эл аралык аэропортунун диспетчерлери кабарлады. Маалыматка ылайык, учак Жалал-Абаддын аба майданына коюу тумандан улам коно албай, артка кайтууга туура келген.  Ошол эле күнү жүргүнчүлөргө Ошко учуучу рейс киргизген. Ал рейс бүгүн, 11-январда саат 18:20да учат. (KR)

2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.  Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Ага ылайык, быйыл да өзгөчө көңүл аймактагы бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесине бурулары айтылган.  Президент быйылкы жылга ушундай аталыш берерин 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирген. Читать дальше...

Магнитогорск окуясы: үй-бүлөсүн жоготкон тажик жараны комадан чыкты

Azattyk.org 

Орусиянын Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан оор жараат алган тажикстандык Шухрат Улфатов комадан чыкты. Ал 10-январдын кечинде өзүнө келгенин, Тажикстандын Екатеринбургдагы консулдугунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөнгө жараганын анын жакындары "Азаттыктын" тажик редакциясына билдиришти. 31-декабрда Магнитогорсктогу он кабаттуу үйдүн бир бөлүгү жарылуудан улам урап түшкөн. 26 жаштагы Улфатов жарылуудан көп өтпөй эс учун жоготкон абалда урандылардын алдынан табылган. Анын 24 жаштагы жубайы жана үч баласынын баары каза таап... Читать дальше...



Трамп АКШда өзгөчө абал жарыялашы мүмкүн экенин айтты

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу маселеси боюнча Конгресстеги демократтар менен мунаса табылбаса, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялашы мүмкүндүгүн билдирди. Ал мындай сөзүн 10-январда Мексика менен чек арадагы Мак-Аллен шаарчасына барган учурда айтып, мыйзамсыз миграция жана аткезчиликти токтотуу үчүн дубал керек экенин кайрадан эскертти. "Биздин улуттук өзгөчө абал жарыялаганга толук укубуз бар. Бул - коопсуздук маселеси. Бул - улуттук деңгээлдеги чукул кырдаал",-деди Трамп. Читать дальше...

Европа соту Бакуну доого жыкты

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжан өкмөтү иликтөөчү журналист Хадижа Исмаиловага 19 миң 300 доллар төлөп берүүгө милдеттүү деп чечти.

Дүйнөнүн мыкты сүрөттөрү Бишкекте

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы Америка университетинде 10-январдан баштап "World Press Photo" эл аралык фото көргөзмөсү ачылды. 24-январга чейин улана турган көргөзмө фотожурналистиканын жана фотодокументалистиканын жогорку стандартта кармалып келишине көмөктөшөт деп табылган

Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 12-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында кар жаайт.  Күндүз да Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Айрым райондорду туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...4; Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...2; Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -1…+6; Баткенде түнкүсүн -2...-7... Читать дальше...

Окуу жайларга кабыл алууда мамлекеттик тилди билгендерге артыкчылык берилет

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда быйылкы жылдан баштап жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алууда мамлекеттик тилди билгендерге артыкчылык берилерин жарыялады. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, өкмөттүн 2018-жылдын 11-июнундагы (№279) токтомунун негизинде ЖОЖдорго кабыл алуу боюнча жобого ушундай өзгөртүү киргизилген.. Ага ылайык жалпы тестирлөөдө бүтүрүүчүлөрдүн упайы бирдей болуп калган чакта, бош орун "Кыргызтест" борборунун системасынан мамлекеттик тилди... Читать дальше...

Мьянма соту камактагы журналисттердин арызын четке какты

Azattyk.org 

Мьянманын соту "Reuters" жаңылыктар агенттигинин жети жылга абакка кесилген кабарчыларынын доо арызын четке какты. "Мыйзам боюнча, баштапкы өкүм туура эмес болду дегенге негиз жок. Сот арызды четке кагат", - деп билдирди 11-январда Янгон шаарындагы Аймактык жогорку соттун судьясы Ан Наинг. “Reuters” агенттиги соттун бүгүнкү тыянагын "кезектеги адилетсиз чечим" деп мүнөздөп, эки журналист "бийликтегилер чындыкты ачыкка чыгарбоону көздөгөнү" үчүн камакта отурганын билдирди. Мьянмадагы рохинжа... Читать дальше...

Бүтө элек жатып бүлүнгөн жолдор

Azattyk.org 

Бишкектин тургундары салынып бүтө элек жолдор оор жүк ташыган автоунаалардын айынан бузулуп жатканын айтып арызданышууда. Муну "Бишкекасфальтсервис" ишканасы да моюнга алат. Ал арада Түштүк Магистралда салынган веложолдун четиндеги 180 бардюрдун эки ай өтпөй жарактан чыгышы да коомчулуктун талкуусуна түштү.

Өзбекстанда селсаяктарга паспорт бекер бериле баштайт

Azattyk.org 

Өзбекстан өкмөтү туруктуу жашаган жери жок кишилерди коргоо чаралары тууралуу токтом кабыл алды. Мындан ары селсаяктар миграция бөлүмүнө кайрылышса, алардын мурдагы жашаган жери, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энеси жана жакындары жөнүндө малыматтар такталат. Эгер кайрылган кишинин Өзбекстан же башка өлкөнүн жараны экени такталбаса, миграция бөлүмүндө ага тек-жайын аныктаган убактылуу маалымкат берилет. Андан соң жергиликтүү бийлик селсаякты туруктуу каттоодон өткөрөт. Эгер анын паспорту жок болсо... Читать дальше...

Македон парламенти өлкө аталышы боюнча талкууну улантат

Azattyk.org 

Македониянын парламенти өлкөнүн аталышын өзгөртүү маселесин талкуулоону бүгүн, 11-январда улантканы жатат. Өлкөнүн Конституциясына "Түндүк Македония" деген жаңы аталышты киргизүү маселесин депутаттар 9-январда талкуулап баштаган. Бирок бейшемби күнү жыйын өтпөй калды. Македон премьер-министри Зоран Заев жана анын өнөктөштөрү өлкөнүн аталышын өзгөртүүгө каршы чыккан депутаттар менен сүйлөшүү өткөрүп жатканы белгилүү болду. Парламенттеги талкуу баш калаа Скопьедеги нааразылык акциялары менен коштолууда. Читать дальше...

World Press Photo 2018: Дүйнөнүн мыкты сүрөттөрү Бишкекте NEWWW

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы Америка университетинде 10-январдан 24-январга чейин "World Press Photo" эл аралык фото көргөзмөсү өтүп жатат. Аталган көргөзмө көп жылдардан бери фотожурналистиканын жана фотодокументалистиканын жогорку стандартта кармалып келишине көмөктөшөт.


Музыкальные новости
Сергей Брановицкий

Радио Менеджер. Ротация песен на Радио.





Персональные новости
Спартак

«Спартак» обыграл «Динамо» 2:0 в полуфинале Пути регионов Кубка России





Акылбек Жапаров акчалуу бизнесмендерге диппаспорт берүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров үч жыл катары менен жылына 10 миллион сомдон ашык салык төлөгөн ишкерлерге дипломатиялык паспорт берүүнү сунуштады. "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык парспорттору" жөнүндөгү жобого тийиштүү өзгөртүү киргизүү тууралуу токтом коомдук талкууга өткөн жылдын 28-декабрында коюлду. Ага ылайык жылына 10 миллион сомдон ашуун салык төлөгөн ишканалардын жетекчилерине жана бизнесмендерге беш жылдык мөөнөткө дипломатиялык паспортторду берүү сунушталган. Читать дальше...

Футбол: "Ак шумкарлардын" даярдыгы

Azattyk.org 

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун алкагында өзүнүн экинчи оюнун өткөрөт. 11-январда өтө турган беттеште "ак шумкарлар" Түштүк Корея курама командасы менен күч сынашат. Кубоктун кийинки баскычына чыгуу үчүн Кыргызстан Кореянын курама командасын жеңиши керек.

Түштүк Корея Ирандан мунай импорттой баштайт

Ca-irnews.com (kg) 

Түштүк Кореянын “SK energy” компаниясынын директору аталган өлкөнүн мунай компаниялары январь айынын аягынан же февраль айынын башынан баштап Ирандан мунай импорттой баштай тургандыгын билдирди.

“Улуттук энерго холдинг” компьютердин зыяны үчүн кызматкерлерине мыйзамсыз кенемте бергени аныкталды

Azattyk.org 

Эсеп палатасы мамлекеттик "Улуттук энерго холдинг" компаниясы 2017-жыл үчүн кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу үчүн 3,7 млн. сом кенемте мыйзамсыз төлөп бергенин аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын холдингге жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгында айтылат. Аудиторлор белгилешкендей, компаниянын жетекчилиги жумуш орундарына аттестация өткөргөн эмес, ошондуктан аларга кошумча төлөм берүүгө укугу болгон эмес. Эсеп палатасынын мекемеге карата жүргүзүлгөн аудитинде мындан башка да каржылык эреже бузуулар аныкталган. Читать дальше...

Маршруттук айдоочулар митингге чыкпайт

Azattyk.org 

Маршруттук айдоочулар митингге чыкпайт. Бул тууралуу "АльянсБус" жүргүнчүлөрдү ташуучулардын ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди. - Биздин кызматкерлер андай нерсени каалашпайт. Интернетте андай ушактарды ким таратып жатканын да билбейм. Ооба, азыр тарифтерди көтөрүү боюнча маселе турат. Себеби, акыркы жолу 2012-жылы жол кирени 10 сомго чейин көтөргөндө күйүүчү майга болгон баа бир литрине 30 сомду түзчү. Азыр ал 45 сом турат.  Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчү ташуучу маршруттук... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Петербургский «Зенит» стал чемпионом Единой лиги ВТБ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA-1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Зеленое царство – обзор новостроек рядом с «Лосиным островом»





Путин в России и мире
Москва

Путин с Собяниным приехали в Храм Христа Спасителя на Пасхальное богослужение


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Бурятия, Россия, Дети, Концерт: Театр кукол Ульгэр в Улан-Удэ представит "Вальс Победы" к празднику



Москва

Выставка картин Федора Помелова открылась в Протвине

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net