Мурашев: Айыл чарба министрлигинде кыскартуу болбойт
2019-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде кыскартуу болбойт. Бул тууралуу министр Нурбек Мурашев "мекеменин штаты дагы 23 кишиге көбөйдү" деген кабарга комментарий берип жатып билдирди. Ал 2016-жылдагы оптимизациянын негизинде айрым департаменттер Салык кызматынан өзү жетектеп турган министрликке өткөнүн, ошол кезде кошумча штат ачылганын билдирди. Мурашевдин айтымында, учурда министрликке караштуу сегиз департамент иштеп жатат. Анда жалпысынан 5 миңге жакын кызматкер эмгектенет. Читать дальше...