Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 14.11.2018

Жалал-Абадда үй-жайы жоктор үчүн түнөккана иштей баштады

Azattyk.org 

Шаарда багар-көрөрү жок, көчөдө калган адамдар үчүн 13-ноябрдан тартып түнөккана ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу “Камкордук” борборунун жетекчиси Таирбек Чойбеков билдирди. Башкалка мэрдин буйругуна ылайык, түнөккана суукта көчөдө калган жарандарды бир маал ысык тамак жана башпаанек менен камсыз кылуу максатында кабыл ала баштады.  - Университеттин карамагындагы эски стадиондун кийим алмаштыруу бөлмөлөрүн оңдоодон өткөрүп, башкалка катары ишке салдык. Учурда... Читать дальше...

Сириялык студенттер митингге чыгышып, америкалык күчтөрдүн өлкөдөн чыгып кетишин талап кылышты

Ca-irnews.com (kg) 

Сириянын Алеппо университетинин студенттери өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк күчтөргө каршы нааразычылык митингине чыгышып, америкалык күчтөрдүн тез арада өлкөдөн чыгып кетишин талап кылышты.



Кыргызстандык балбан дүйнө чемпиондугунда коло байге алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Балбай Дордоков Румыниянын Бухарест шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиондугунда коло байгенин ээси болду. "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Дордоков грек-рим күрөшүнөн 55 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, төрт беттеш өткөрдү. Алгач жарым чейрек финалда ал ирандык Реза Хейролла Хедрини (Reza Kheirollah KHEDRI) 4:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда венгриялык Бенс Ковач (Bence KOVACS) менен беттешти. Читать дальше...

Меркел Европа армиясын түзүү демилгесин колдоду

Azattyk.org 

Германия канцлеринин билдиргенине караганда, НАТО менен жанаша иштей турган Европа армиясы бул континенттин борборлоштурулган коргонуу түзүмү болушу керек. - Биз башкаларга эч шартсыз таянган мезгил аяктады. Бул бир эле нерсени туюндурат - эгер биз, европалыктар, жамаат катары жашап кеткибиз келсе, өз тагдырыбызды өз колубузга чечкиндүү алышыбыз керек, - деди Меркел 13-ноябрда Европа парламентинде сүйлөгөн учурунда. Немис канцлеринин айтымында, Европанын бирдиктүү армиясы НАТОго “каршы эмес, ага кошумча” болот. Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргыз гидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…+1; Суусамырда түнкүсүн -15…-20... Читать дальше...

Мьянма качкындардын кайтып баруулары үчүн дагы деле кооптуу

Ca-irnews.com (kg) 

Мьянма менен Бангладеш Рохинжа качкындарынын кайтып баруулары үчүн эки тараптуу келишимди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирип турган чакта Бириккен Улуттар Уюму Мьянма качкындардын кайтып баруулары үчүн дагы деле кооптуу экенин айтып эскертүү жасады.

Мамкаттоо Кулматовдун паспорту боюнча арызын кайтарып алды

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча Биринчи май райондук сотуна берген арызын кайтарып алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Адвокаттын айтымында, бүгүнкү отурумда доогер арызды кайтарып алганы, буга байланыштуу соттук жараян токтотулганы белгилүү болгон.  21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган. Читать дальше...



АФК Иранга Азия чемпионатынын алдында санкцияга кабыларын эскертти

Azattyk.org 

Азиянын футбол конфедерациясынын билдиргенине караганда, Иран Азиянын футбол чемпионатынын алдында өкмөт улуттук футбол федерациясынын ишине кийлигишкени үчүн санкцияга кабылышы мүмкүн.  13-ноябрда Ирандын парламенти пенсия  курагындагы адамдарды өкмөттө же мамлекеттик бюджеттен каржыланган өкмөттүк же коомдук мекеме-уюмдарда иштетүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Жергиликтүү медианын кабарына караганда, бул мыйзам Ирандын Футбол федерациясынын президенти Мехди Тажга жана федерациянын бөлөк башкаруучуларына да тиешелүү. Читать дальше...

Кыргызстанда "Фабула" гезити чыкпай калды

Azattyk.org 

Кыргызстанда "Фабула" гезити 18-октябрдан тартып чыкпай калды. Мындай маалыматты гезиттин башкы редактору Тилек Рыскулов "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, иштин токтошуна каржылык кыйынчылык жана басылмага жазылгандардын саны азайып кеткени себеп болду. Ушундан улам жана заман талабына ылайык иштөө максатында гезитти жаап, сайт форматына өтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Жакында гезиттин базасында жаңы сайт иштей баштайт.  "Фабула" гезити Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековго таандык болчу. Читать дальше...

Жалал-Абад: уурдалган мунайдын сырдуу изи

Azattyk.org 

“Кыргызмунайгаз” ишканасынан 300 тонна мунай уурдалганы кабарланды. Кочкор-Атадан Жалал-Абадга чейин түтүктөр аркылуу жеткирилүүчү мунайды орто жолдо белгисиз бирөөлөр түтүктөрдү тешип, агызып алып жатканы аныкталган. Мекеменин коопсуздук кызматы “уурулукка милиция аралашкан” деген маалымат берди.

Бишкекте жаштар борбору ачылды

Azattyk.org 

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар борбору ишке кирди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Садырбекова билдирди. Жаңы ачылган жаштар борбору жыйын залдары, интерактивдик, компьютердик кабинеттер жана Интернет менен камсыздалган. Аталган борбор жаштардын демилгелерин өз алдынча жүзөгө ашыруу жана алардын маселесин чечүү боюнча иштерди алып барат. Борбор аталган агенттиктин демилгеси, эл аралык уюмдардын колдоосу менен ачылды. Читать дальше...

“Ислам дүйнөсүнүн элиталарынын ири жыйыны” 80 өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Тегеранда өтөт

Ca-irnews.com (kg) 

25-27-ноябрларда Ирандын борбор калаасында 80 өлкөдөн келишкен илимпоздор, аалымдар жана муфтийлердин катышууларында  “Ислам дүйнөсүнүн элиталарынын ири жыйыны” өтмөкчү.

Калифорнияда өрт курмандыктарынын саны 50гө жакындады

Azattyk.org 

Бул тууралуу штаттын бийлиги кабарлоодо. Калифорниянын түндүк бөлүгүндөгү чоң өрттөн ушул шейшемби күнгө карата 48 кишинин өмүрү кыйылганы аныкталды. Курмандыктарынын чыныгы саны андан да көбөйүшү мүмкүн. Анткени 228 адам эмгиче дайынсыз деп саналууда. Өлгөндөрдүн баарынын сөөгү Парадайс шаарынан табылган. Бул шаарда 7000ден ашуун үй керектен чыкты. Штаттын бийлигинин маалыматына караганда, бир жумадан бери уланып жаткан өрттөн улам 150 миңдей киши үй-жайын таштоого аргасыз болду. Өрттү катуу шамал менен кургакчылык да күчөтүп жиберди. Читать дальше...

Британ мусулмандары Асия Бибиге башпаанек берүүгө чакырышты

Azattyk.org 

Британ өкмөтүн пакистандык христиан аял Асия Бибиге башпаанек берүүгө чакырган кайрылууга жергиликтүү таанымал мусулмандар, анын ичинде үч имам да кошулду. Өлкөнүн ички иштер министри Сажид Жавидге багытталган кайрылууга британ парламентинин он беш депутаты да кол койгон. “Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди” деген айыптын негизинде өлүм жазасына кесилген христиан аял Асия Бибинин өкүмүн Пакистандын Жогорку соту 31-октябрда жокко чыгарган болчу. Пакистанда бул чечимге каршы чыккан  ашынган исламчыл партиялар нааразылык акцияларын уюштуруп... Читать дальше...

Казакстандыктар латын арибинде диктант жазып көрүштү

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, бүгүн латын ариби менен диктант жазуу өлкөнүн бир катар шаарларындагы жогорку окуу жайларында бир учурда өттү. “Жалпы элдик” диктант деп аталган акция жарым саатка созулду.  Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин маалыматына караганда, бул акция учурунда диктант жазуу тексти казак радиосунун түз обосунан угуу жана emle.kz жана tilalemi.kz интернет-сайттары аркылуу да мүмкүн болду. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара казак... Читать дальше...

"Коопсуз шаар" долбоору февралга чейин башталууга тийиш

Azattyk.org 

Орусиялык "Вега" компаниясы "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында программалык-жабдуу комплекстерин орнотуу иштерин келишимге кол коюлгандан тартып 90 күн ичинде бүтүшү керек. Бул убакыт февралга туура келет.  Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети билдиргендей, бул талап эки тараптуу келишимде камтылганын билдирди. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге 12-ноябрда Бишкекте кол коюлган.  Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору бир нече жылдан бери ишке ашпай турат.   ... Читать дальше...

Кыргызстандык спортчуларга мамлекеттик наамдар берилди

Azattyk.org 

Спорттогу жетишкендиктери үчүн Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Төрөкан Багынбай уулу, Дарья Маслова жана Эламан Догдурбек уулу "эмгек сиңирген спорт чебери" наамына ээ болушту. Аларга сыйлык тапшыруу салтанаты 13-ноябрда Бишкекте, Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.  Жеңил атлет Дарья Маслова быйыл Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарды утканы үчүн Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынан 1 миллион сом акчалай сыйлык алды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Персональные новости
Арцах

По запросу Баку в Москве незаконно был задержан известный российский политолог Михаил Александров





Жалал-Абадда “Business Caravan” бизнес-форуму өтүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында "Business Caravan" долбоорунун алкагында ишкерлер үчүн масштабдуу бизнес-форум өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” JIA бизнес-ассоциациясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн төрагасы Анарбек Малабаев билдирди. Форумга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Бишкек жана Жалал-Абад облустарынан чогулган 250дөн ашык ишкер катышууда. Бизнес-форум аймак аралык мамилени ишкердик аркылуу жандандыруу максатын көздөйт. Анын жүрүшүндө ишкерлер бири-бири менен кызматташтык тууралуу келишим түзүп, өз ара тажрыйба алмаша алышат. Читать дальше...

Кыргызстанда жылына 2500дөй медициналык адис даярдалат

Azattyk.org 

Кыргызстанда медициналык жогорку окуу жайларынан жылына 2500гө жакын студенттер бүтүрүп чыгышат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкектеги “Медициналык билим берүүнү реформалоо: маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору” аттуу жыйында билдирди. Өмүрбекова ага карабай медициналык адистиктерге студенттерди кабыл алууда суроо-талап эске алынбай жатканын, буга байланыштуу айрым адистиктер боюнча кадрлардын жетишсиздиги байкалса, башка адистиктерде ашыкча болуп жатканын белгиледи. Читать дальше...

Конгантиевге козголгон кылмыш иши эмнеге токтотулганы иликтенип бүтө элек

Azattyk.org 

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши эмне себептен токтотулганы тууралуу иликтөө төрт айдан бери бүтө элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Наргиза Куватова билдирди. Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен быйыл 18-июнда кыскартылганын УКМК бышыктаган. Бул чечим коомчулукта дооматка кабылгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага бул ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган. Читать дальше...

Нарын шаардык сотунун судьясына козголгон кылмыш иши сотко өттү

Azattyk.org 

Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробековага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулуп, ишти кароо Бишкектин Биринчи май райондун сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратура билдирди. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (“Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”) (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 328-беренеси ("Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу") боюнча козголгон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве в парке нашли труп мужчины





Путин в России и мире
Москва

Politico: Россия проиграет войну с НАТО, предупреждает Польша (Topmember)


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Басманный суд Москвы арестовал продюсера Reuters Константина Габова за помощь ФБК в подготовке материалов



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт «7 хитов И.С.Баха» в Эрмитажном театре



Москва

«Акценты»: Какие регионы РФ могут объединить

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net