Калысты арсарга алмашсак...
Адегенде «анжы» деген сөздү чечмелеп көрөлү. “Эл эки анжыга бөлүндү” дейт. Эл бирине бири макул болбогон эки топко бөлүндү дегенди билдирет.
Адегенде «анжы» деген сөздү чечмелеп көрөлү. “Эл эки анжыга бөлүндү” дейт. Эл бирине бири макул болбогон эки топко бөлүндү дегенди билдирет.
Түркияда жылдык инфляция октябрда 25,2% жетти. Бул Эрдоган бийликке келгенден берки эң жогорку көрсөткүч катары бааланып жатат. Инфляция же баалардын көтөрүлүп, улуттук акчанын нарксызданышы ириде карапайым элди кыйнады.
6-ноябрдагы добуш берүүнүн натыйжасында Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы же 435 мүчөсү, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү же 100 мүчөсүнүн 35и кайра шайланат. Акыркы курамда эки палатаны тең республикачылар көзөмөлдөп келди. Жогорку палата болгон Сенатта республикачылардын добушу демократтардан эки адамга көбүрөөк болду. 6-ноябрда АКШнын жарандары өлкөнүн 50 штатынын 36сында губернаторлорду да шайлайт. Өз партияларынын талапкерлерине добуш топтош үчүн азыркы президент Дональд Трамп... Читать дальше...
Ош мэри борбордук жылуулукка туташкан жер тамдардын ээлерин таарынтты. Учурда шаар башчынын тапшырмасы менен калаадагы 400 үй борбордук жылуулук тутумунан ажыратылды.
“Фейсбук” АКШдагы 6-ноябрдагы орто мөөнөттүк шайлоону утурлай 100дөн ашуун аккаунтту жапты. Компаниянын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, ал шектүү баракчалардын баары француз жана орус тилдеринде болгон. Мындан тышкары, “Фейсбук” өзүнө караштуу “Инстаграм” социалдык тармагындагы да айрым аккаунттарды жапты. Алар англис тилдеринде иштеген баракчалар экени, айрымдары атактуу адамдар тууралуу болсо, башкалары саясий дебаттарга арналганы айтылды. “Фейсбук” жабылган аккаунттарды кылдат изилдеп чыгат. Читать дальше...
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ит уурдаган жаранды жазага тартып, анын үч жыл бою шаардан сыртка чыгышына тыюу салды. Андан тышкары, ага 35 миң соп айыппул да чегерилди. Иш 6-ноябрда каралды. Бул тууралуу "Азаттыкка" иттин ээси, тогуз жаштагы Идин Тимуровдун энеси Гуля Алманбетова билдирип, сот чечимин көрсөттү. Үч ай мурда жоголгон ит тууралуу социалдык тармактарда маалымат жарыяланган. Анын ээси, тогуз жаштагы Идин президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, андан кийин Свердлов райондук милициясы издөөгө киришкен. Читать дальше...
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-ноябрда Парижде Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу болбошу мүмкүн экенин билдирди. Песковдун 6-ноябрдагы сөзүнө караганда, Путин менен Трамп Францияда Биринчи дүйнөлүк согуш аяктаганынын 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында “кыска кездешүү өткөрүшү" гана ыктымал. Бул тууралуу Песков АКШнын президенти Парижде Путин менен жолукпай турганын айткандан кийин маалымдады. Буга чейин Дональд Трамп: “Биз бул ылайыктуу жер болобу, билбейбиз. Читать дальше...
7-ноябрда түнкүсүн Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14, Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10, Нарын аймагында түнкүсүн -4...-9... Читать дальше...
Американын Казына министрлиги 4-ноябрда расмий түрдө Түркия, Тайван, Түштүк Корея, Италия, Греция, Кытай, Индия жана Жапонияны Иранга каршы мунайuf санкцияcынан убактылуу бошотту.
Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 6-ноябрда “Азаттык - ОшМУ” деп аталган медиафорум өттү.
"Азаттык" радиосунун журналисти Амирбек Азам уулу Ош мамлекеттик университетинин профессору наамына татыктуу болду. Аны 6-ноябрда аталган окуу жайында "Азаттык" - ОшМУ медиа-форумунда ректор Каныбек Исаков тапшырды. Амирбек Азам уулу "Эркин Европа\Азаттык" радиосунун ардагер кызматкерлеринин бири. 1994-жылдан бери аталган радионун Мүнхендеги, Прагадагы баш кеңселеринде эмгектенип келатат. Учурда илим, маданият жаатындагы темаларда кызыктуу баяндарды даярдайт. "Азаттык" - ОшМУ медиа-форуму эки тараптын демилгеси менен уюштурулду. Читать дальше...
Баткендин Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасын белгисиз адам артынан келип атып кетти. Окуя 5-ноябрда түндө болгонун, жарадар болгон жаран Арка-2 айылынын 32 жаштагы тургуну экенин "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Ал дароо Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканада жаткырылган. Абалы орто. Окуя жабырлануучунун үйүнүн алдында болгон. Аткан адам изин жашырганга үлгүргөн. Факт боюнча Лейлек райондук Ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталды. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "мекеменин кызматкери мас абалда милиционерди коркутканы" тууралуу маалыматты текшерүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кабар берилерин билдирди. 6-ноябрда kaktus.media басылмасы УКМКнын мас кызматкери Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын инспекторуна опуза кылганы тууралуу маалымат чыгарды. Видео тиркелген кабарда инспектор менен чыр 4-ноябрга караган түнү рейд учурунда болгону жазылган. "Honda Pilot"... Читать дальше...
Арабстандын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн сауд бийлигинин оппозиционери Жамал Хашоггинин балдары атасынын жаназасын өткөрүп берүүнү талап кылышты.
Иса Өмүркулов - парламенттин бир канча жолку депутаты, убагында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик мекемесин бир канча жыл жетектеген. Бишкек шаарынын мэри болгон. Ага карата коррупция боюнча да бир топ дооматтар да айтылган, кылмыш иштери да козголгон.
АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине киргизилген өзбекстандык ишкер Гафур Рахимов Эл аралык Олимпиада комитетинин эскертүүсүнө карабай, Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланды.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) ири өлчөмдөгү каржылык зыян аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 6-ноябрда тараткан кабарга ылайык, баштапкы эсепте мамлекетке 10 миллион сомдон ашуун зыян болгону такталды. Аталган мекеменин кызматкерлерине карата мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында ЖАМКнын көчмө механизациялашкан колоннасында жана САСЕМ акционердик коомунда жүргөн оңдоп-түзөө иштерине аудит жүргүзүлдү. Читать дальше...
Турдуназир Бекбоев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды. 6-ноябрда таратылган расмий кабарга ылайык, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Турдуназир Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жаңы кызматка өттү. Ал 2018-жылдын февралынан бери президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ага чейин да бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлеген.
Бишкек шаарынын тургуну, 32 жаштагы Султанбекова Элвира Мырзабековнаны туугандары эки айдан бери издеп жатат. Ал 3-сентябрда "Бишкек-Нан" заводунун аймагындагы тигүү цехинен чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Туугандары Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнө 20-сентябрда кайрылган. Сүрөттөгү аялды көргөн-билгендер төмөнкү телефондорго чалып, кабар берсе болот: 0 312 54 41 84, 0 552 15 30 30, 0 709 72 05 28, 0 777 01 19 70.
Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында бүгүн, 6-ноябрда эл аралык илимий жыйын өтөт. Иш-чара "Тарых: саясий репрессия жана анын кесепеттери» деп аталат. Ага жогорку окуу жайлардын окутуучулары, чет элдик жана кыргызстандык окумуштуулар чакырылган. Улуттук илимдер академиясы билдиргендей, жыйында Кыргызстандагы репрессияга кабылгандардын тизмеси түзүлөт. Сталиндик кандуу кыргын 1937-38-жылдарда күчөгөн. Ошол мезгилде камалып, атылып, кыйноого кабылып өлгөндөрдүн саны миллионго жакын экени болжолдонуп келет. Читать дальше...
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, 5-ноябрда Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарын реформалоо боюнча эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы менен таанышкан учурда алар сунуштаган демилгелерди кубаттады. Жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов реформанын алкагында Бишкекте Патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла турганын билдирди. Маалыматка караганда, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен патрулдук-нөөмөт бөлүктөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт. Читать дальше...
Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 6-ноябрда “Азаттык-ОшМУ” деп аталган медиафорум болот. Иш-чара “Азаттык” радиосунун 65 жылдыгына арналган. “Азаттыктын” жетекчилиги жана аталган окуу жайды бүтүрүп, бул радиодо эмгектенип жаткан журналисттер студенттер менен жолугуп, баарлашат. Суроо-жооп, талкуу форматындагы форум эки тараптын демилгеси менен уюштурулууда. Ош мамлекеттик университети Кыргызстандагы эң алгачкы окуу жайларынын бири. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт 5-ноябрдын түнү, саат 22.30 чамасы Элебесов көчөсүндө жайгашкан "Деңиз Текстиль" дүкөнүнүн кездеме жана кийим сактоочу кампасынан чыккан. Тилсиз жоо түнкү саат 23.30да чектөөгө алынды. Таңга маал 5.10до толук өчүрүлдү. Дүкөндүн имараты үч кабаттуу экени жана контейнерден курулганы маалымдалды. Өрттөн канча зыян келтирилгени азырынча белгисиз.
Өкмөттө бүгүн, 6-ноябрда быйылкы жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү маселеси талкууланат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өтөт. Анда экономика министри Олег Панкратов баяндама жасайт. Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт быйыл 28-июлда ишке киришкен.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.