АКШ Кытайда мусулмандар кыйноо тартып жатканын жарыялады
АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) 29-апрелде дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Кытайдагы мусулмандардын абалына өзгөчө көңүл бурулган.
Бийлик мусулмандарды такай аңдып, телефондорун тартып алып, ичиндеги маалыматтарды окуп турарын белгилеген. А түгүл “ДНК маалыматтарын топтоо үчүн кандарын алмакка денелерине ийне сайылары” айтылат. Мамлекеттик департаменттин эсебинде, 2017-жылдын апрелинен тарта Шиңжаңда 800 миңден 2 миллиондон ашуун мусулман лагерлерге мажбурлап кармала баштаган. Анын ичинде уйгурлар, казактар, кыргыздар жана башка мусулмандар бар.
АКШ, Британия жана Түркия өңдүү саналуу өлкөлөр Бээжинди “кескин сындашканы” менен Кытай өкмөтү кандайдыр кесепеттерге туш болбогону да жазылган.
Бээжин Шиңжаңда уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыгын мажбур кармап, кыйнаган лагерлер тууралуу маалыматтарды четке каккан. Мындай жайларды Кытай бийлиги «элди агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, ал жерде шинжаңдыктар коомго интеграция болууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.
Шинжаңдагы уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу мусулмандарга жасалган катаал мамиледен улам эл аралык коомчулук Бээжинди кескин сындап жүрүшөт. Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Шинжаңдагы саясий лагерлерде 1 миллионго чукул адам кармалып турганын билдиришкен.