Балыкчыда кенди иштетүүгө каршы митинг өттү
Балыкчы шаарында уран кенин иштетүүгө каршы тынчтык митинги өттү. Катышуучулардын эсеби боюнча, митингге Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынан келген 500 жүзгө чукул адам катышты. Алар Кызыл-Омпол уран кенине жана Кыргызстандын аймагында болгон уран кендерине түбөлүк мораторий киргизүүнү талап кылышты. Балыкчы шаарынын милициясы нааразылык акциясында мыйзам бузулбаганын билдирди.