Бишкекте муундар фестивалы өтөт
Алгачкы жолу Бишкекте МУРАС FEST аттуу үй-бүлөлүк, муундар фестивалы өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, фестивал «Үй-бүлө – адамдын баалуу мурасы» деген ураандын алдында уюштурулуп жатат. Муну менен фонд, үй-бүлөлөрдү жылуу атмосферада чогултуп, аларга жакшы маанай тартулоо менен бирге улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана карым-катнашты жакшыртуу максатын көздөйт.
«Азыркы убакта балдар ар кандай гаджеттер менен убактысын өткөрүү менен таза абада, ден соолугуна пайдалуу оюндарды унутуп баратышат. Ошондой эле ата-энелер жумушка көбүрөөк убакыт бөлгөндө балдар менен карым-катнашы начарлап калган учурлар аз эмес. Кээ бирде муундар арасында байланыш үзүлүп калган: чоң ата, чоң апалар неберелери менен аз көрүшүп же өз балдарына аз убакыт бөлүшөт», - дейт «Ак Жоолук Ажары» фондунун директору Айжан Орозбаева.
Фестиваль учурунда көптөгөн оюндар, мастер-класстар өтүп, ар бир конок, ата-бала, эне менен кыз өздөрүн сынап баалуу белектерге ээ болушат. Кичинекей бөбөктөр үчүн кызыктуу улуттук оюндар, шоу-программа уюштурулат. Эң мыкты форма менен келген үй-бүлөгө баалуу белек берилет. (КЕ)