Украин шайлоосу: мыйзам бузуулар тууралуу 700дөй кайрылуу түштү
Украинанын убактысы боюнча саат 15:00гө карата добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 690 кайрылуу түштү. Анын арасында мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, бюллетенди сүрөткө тартуу же сыртка алып чыгып кетүү, шайлоочуларды коркутуу, сатып алуу аракети сыяктуу мыйзам бузуулар бар. Кайрылуулардын бешөө боюнча гана сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 15:00гө карата шайлоочулардын 45 пайызы добуш берди.
Ички иштер министрлиги президенттик шайлоонун биринчи турундагыдай эле чек арадан өткөн крымдыктарды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Украинадагы шайлоого катышкан-катышпаганын, кайсы добушканада болуп, тандоосун кимге жасаганын сурап жатат.
Президенттик шайлоо боюнча улуттук экзитполлдун маалыматы добушканалар жабылганда, саат 20:00дө жарыяланат. Аны Украинадагы Деморатиялык демилге фонду, Киев эл аралык социологиялык институту жана Разумков борбору биргелешип жасап жатат. Алар шайлоо бекетинен чыккандар арасында сурамжылоо жүргүзүүдө.
Бүгүн, 21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат.
Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 31-мартта болуп, азыркы президент Петро Порошенко менен актёр Владимир Зеленский 39 талапкердин ичинен суурулуп чыгышкан.
Анда Порошенко 16, Зеленский 30 пайыздай добуш алган.
Шайлоо Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында жана орусиячыл козголоңчулардын карамагындагы Донецк жана Луганск облустарында дээрлик өткөрүлгөн жок.