Ооган өкмөтү менен "Талибандын" сүйлөшүүсү болбой калды
Ооган өкмөтү менен “Талибан” кыймылынын 19-апрелге белгиленген тынчтык сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы белгисиз мөөнөткө жылды. Буга катышуучулардын саны боюнча тараптардын тил табыша албай калганы негиз болгон.
Бул сүйлөшүү Ооганстандагы согушту токтотууга жана америкалык аскерлерди чыгарууга карай алгачкы маанилүү кадам катары сыпатталып жаткан.
Сүйлөшүүлөр Катардын борбору Дохада өтмөк. Ага ооган өкмөтүнөн 250 киши катышуу үчүн шайланган.
Талибдер тизмени сынга алып, көпчүлүк менен жолугушпасын билдиришкен.
Ооганстан маселеси боюнча АКШ өкүлү, тараптарды элдештирүү аракетинде жүргөн Залмай Халилзад диалогду улантууга чакырды.
Ошол эле маалда “Талибан” Ооганстанда жазгы чабуулдарын баштаганын билдирген. Бул кыймыл ушу тапта өлкөнүн жарымын ээлеп турат.