Газада “Кайра кайтаруу маршы” акциясы башталгандан бери 272 палестиналык каза тапты
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Газа секторунун чыгышындагы “Кайра кайтаруу маршы” акциясы башталгандан бери азыркы учурга чейин израилдик аскерлердин колунан 272 палестиналык каза таап, 16 миңден ашууну жаракат алганын маалымдады.