Рахмондун Москвадагы сапары чакан пикет менен коштолду
Тажик президенти Эмомали Рахмондун Москвадагы сапары маалында Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" оппозициялык тобунун тарапкерлери 17-апрелде Кремлдин жанына акцияга чыгышты. Алар колуна "Диктатор Рахмон менен таанышып алгыла!" деген жазууну кармап, Тажикстанда камакта отурган "саясий туткундардын" баарын бошотууну талап кылышты.
Өткөн жылы ушундай эле акцияны чет өлкөдөгү тажикстандык активисттер Прагада жана Санкт-Петербургда уюштурган.
"Группа 24" – 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозиционери Умарали Кувватов түзгөн коомдук-саясий кыймыл.
Рахмон менен орус президенти Владимир Путиндин Кремлдеги сүйлөшүүсүнөн кийин бир нече документке кол коюлду.