Паспорт чыры боюнча камалгандардын бөгөт чарасы каралат
Биометрикалык паспорттун бланкын даярдоо боюнча тендерде коррупция боюнча шектүү катары камалган мамлекеттик кызматкерлердин бөгөт чарасы 17-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу жарандык активист Бурул Макенбаева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаевдин, статс-катчы Данияр Бакчиевдин жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаевдин бөгөт чарасын кароо жараянына укук коргоочулар да катышкысы келет.
Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) тактоого мүмкүн болгон жок.
Мамкаттоо системасынын жогоруда сөз болгон жетекчилери биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек менен кармалганы 16-апрелде маалым болгон.
УКМК Мамкаттоонун кызматкерлери белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан деп эсептейт. (ZKo)