Токаев менен Мирзиёев Ташкентте Назарбаевди макташты
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкенттеги эки күндүк мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Бул визиттин алкагында Казакстан менен Өзбекстан транспорт, логистика жана өнөр жай тармактарында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну макулдашты.
Дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүдө өзбек президенти Шавкат Мирзиёев да, Касым-Жомарт Токаев да ортодогу кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканына токтолушту. Боордоштук ымала түзүүдө Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин “көрүнүктүү ролун” белгилешти.
Президенттер эки тараптуу сооданын көлөмүн бир жылда 5 миллиард долларга жеткирүү ниетин да билдиришти. Өзбек президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2018-жылы дээрлик 50 пайызга көбөйүп, 3 миллиард долларды түзгө.
Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев Ташкентке 14-апрелде барган. Дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүдө тараптар негизинен саясий, соода-экономика, маданий-гуманитардык тармактагы алаканы, чөлкөмдөгү жана эл аралык коркунучтарга биргеликте каршы турууну талкууга алышты. Казак-өзбек чек арасын демаркациялоонун ийгиликтүү аякташын кубатташты. Бул - эки өлкөнүн экинчи президенттеринин биринчи жолугушуусу болуп калды.