«Талибан» Ооганстанда жазгы чабуул баштаганын жарыялады
Ооганстанда «Талибан» жазгы чабуулдарын баштай турганын эскертти. Кыймылдын 12-апрелде беш тилде жарыяланган расмий билдирүүсүндө жоочулар Ооганстандагы чет өлкөлүк аскерлерге каршы күрөштү улантаары жазылган. Байкоочулардын айтымында, согушкерлер мындай билдирүүсүн жыл сайын жазда таратканы менен алардын чабуулдары жайы-кышы токтобойт.
Бирок бул жолкусу АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад, ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү жана талибдер Катарда өткөрө турган сүйлөшүүлөрдү утурлай жасалды.
14-апрелге белгиленген сүйлөшүүлөр беш күнгө жылдырылганын ооган өкмөтү бейшембиде жарыялаган. 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында былтыр күзүндө талибдер менен түз сүйлөшүүлөрдү баштаган Халилзад өткөн жумада Ооганстандын бийлиги менен бир катар жолугушууларды өткөргөн. Расмий Кабул буга чейин талибдер менен көзмө-көз тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпай келген.
Ооган өкмөтүн Американын «тактекеси» деп мүнөздөп, алар менен сүйлөшүүдөн баш тартып келген талибдер бул жолу Кабулдун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө отурууга макул болушту. Бирок алар бийликтин делегациясын «катардагы оогандыктар» катары кабыл ала турганын эскертип жатышат.