Каракол-Эңилчек жолундагы кар көчкүдө эки киши жаракат алды
Каракол-Эңилчек жолундагы кар көчкү техникаларды басып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жол чарба департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул Күчүков билдирди. Анын айтымында, 7-апрелде Ак-Суу районунун Эңилчек айылына кетчү жолдо кар көчкүнү тазалап жаткан учурда саат 16:45 чамасында болжол менен 30 миң кубдан ашык көлөмдө кар көчүп, №11 жол тейлөө мекемесинин жетекчисинин автоунаасын тоодон ылдый кулатып кеткен, андан тышкары Б10 үлгүсүндөгү тракторду көмүп калган. Кырсыкта №11 жол тейлөө мекемесинин башчысы жана жол кызматкери жеңил жаракат алышты.
Көчкү Каракол-Эңилчек жолунун 82-чакырымында болгон. Буга байланыштуу эки күнгө өзгөчө кырдаал абалы киргизилди. Кошумча техникалар 8-апрелде жеткирилип, тазалоо иштери жүрүп жатат. (AsM)