Литвалык "Гарсу Пасаулис" германиялык компаниянын өкүлүн айыптады
Кыргызстанда электрондук паспорт даярдоо боюнча тендерге катышкан литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясы учурунда атаандаш болгон германиялык компаниянын өкүлүн "кадыр-баркка шек келтирди" деп айыптап чыкты.
Литвалык компаниянын өкүлдөрү кабарлагандай, германиялык “Мюльбауэр” компаниясы менен кызматташкан Азамат Бекенов “Гарсу Пасаулис” жөнүндө жалган маалыматтарды таратып, коркутуу жолу менен акча талап кылууга аракет кылган. Буга байланыштуу литвалык компания сотко кайрылып, кадыр-баркын коргоону талап кылууда.
Буга чейин “Гарсу Пасаулис” компаниясынын президентинин кеңешчиси Витаутас Меляускас “Азаттыкка” берген маегинде Азамат Бекеновду мурдатан тааный турганын айткан. Меляускас бир нече жыл мурун Бекенов алардын компаниясы менен кызматташып жүргөнүн жана ал үчүн 300 евролук кызмат акысын алганын билдирген.
Азамат Бекенов литвалык компаниянын дооматтарын четке какты. Ал буга чейин “Гарсу Пасаулис” компаниясы менен кызматташканын ырастап, бирок эч качан алар тууралуу жалган маалымат таратпаганын “Азаттыкка” билдирди.
"Мен чынында эле Витаутас Меляускасты тааныйм. Буга чейин мен аркылуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги менен таанышкан. Дал ушул боюнча УКМК мени чакырып сураганын учурда тактап бердим", - деп билдирди Бекенов.
Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган болчу.
Өткөн аптада УКМК бул иш боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлап, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптап жатат. (BkA/KR)