Тимошенко шайлоонун жыйынтыгы "бурмаланганын" айтты
Украинанын мурдагы премьер-министри, президенттик шайлоодо үчүнчү орунду алып, экинчи айлампага чыкпай калган Юлия Тимошенко добуш берүүнүн жыйынтыгын "бурмаланган" деп эсептерин айтты. Тимошенко 2-апрелде Киевде өткөргөн маалымат жыйында "Биз сотко барбайбыз. Себеби түшүнүктүү эле. Сот системасын реформалоо деген шылтоо менен президент сотторду менчиктеп алган" - деп айтты.
Тимошенко учурдагы мамлекет башчы Петр Порошенко шайлоонун экинчи айлампасына чыгуу үчүн ар кандай технологияларды колдонгонун кошумчалады.
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 2-апрелде бюллетендердин 98% саналып бүткөнүн билдирди.
Соңку жыйынтыкка ылайык, Владимир Зеленский жалпы добуштардын 30,24% алса, Порошенкону шайлоочулардын 15,93% колдогон, Тимошенко 13,39% добуш жыйнап, үчүнчү болуп калды.
Оппозициячыл талапкер, шайлоонун алдында Москвага барып келип, көптөрдүн кыжырына тийип алган Юрий Бойко 11,6% добушка ээ болгон.