Аба ырайы тууралуу маалымат
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 3-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 2…4, күндүз 12…13,
Баткен облусунда түнкүсүн 8…10, күндүз 16…18,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…10, күндүз 18…21,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…5, күндүз 10…15,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…2, күндүз 9…12 градус болот.
Бишкек шаарында күн бүркөк болот. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 12…15° болот. (KR)