Орусия: Коневдин эстелигин көчүрүү тууралуу чечимге жооп кайтарабыз
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги советтик маршал Иван Коневдин Прагадагы эстелигин көчүрүү боюнча чечим «жоопсуз калбайт», анын арты «эки тараптуу алакаларга залакасын тийгизет» деп эскертти. Эстеликти Прага-6 районундагы аянттан алуу боюнча демилгени орус бийлигинин башка өкүлдөрү да айыпташты.
Прага-6 районунун жетекчилиги Коневдин эстелигин музейге көчүрүүнү чечкен. Конев Экинчи дүйнөлүк согушта Чехословакияны нацисттерден куткарган Кызыл Армиянын аскердик бөлүгүн жетектеген. Бирок маршалдын 1945-жылдан кийинки Европадагы аракеттери - 1956-жылы Венгериядагы козголоңду басканы, 1968-жылы Чехословакияга аскер киргизүүнү пландаганы терс бааланып келет. Мындан 40 жылдай мурун орнотулган эстелик башынан эле талаш-талкуу жараткан жана кийинки жылдары айкелди бүлүндүрүүгө бир канча жолу аракет жасалган. Чехиянын президенти Милош Земан эстеликти коргоп, жергиликтүү бийлик органдарнын жетекчилигин сындады.
Эми бул эстеликтин ордуна Экинчи дүйнөлүк согушта Праганы нацисттерден бошоткондордун урматына мемориал коюлмакчы.