Ооганстанда Кызыл Чырым комитетинин иши толук жанданды
Ооган талибдери 15-сентябрда гуманитардык миссияны аткарган Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин ишмердигине өзү көзөмөлдөгөн аймактарда киргизген чектөөсүн жоюп, анын кызматкерлеринин коопсуздугуна кепилдик бере тургандыктарын билдиришти. «Ислам Эмираты Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин мурдагы коопсуздук кепилдигин калыбына келтирет. Ошондой эле бардык согушкерлерге анын иштөөсүн камсыздоого буйрук берет жана бул комитеттин кызматкерлерине жана шаймандарына кепилдик берүү тууралуу эскертет» деп айтылат «Талибан» кыймылынын билдирүүсүндө. Читать дальше...