Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 27.09.2018

Бозгунда жүргөн белгилүү укук коргоочу Өзбекстанга кайтты

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, 78 жаштагы Толиб Якубовду 26-сентябрда Ташкенттин аэропортунда туугандары, достору, укук коргоочу кесиптештери тосуп алды. Ал мекенине он жылдан ашуун Францияда бозгунда жүргөн соң кайтып барды.  Өзбекстандын Адам укуктары коомунун негиздөөчүсү Якубов мекенинен 2007-жылы качууга аргасыз болгон, 2014-жылы өзбек бийлиги аны жарандыктан ажыраткан. Учурунда француз жарандыгы бар Якубовго өзбек жарандыгы кайтарылып берилеби же жокпу, азырынча белгисиз. Читать дальше...

Прокурор Дүйшөнбек Зилалиевди эки жылга камоону сурады

Azattyk.org 

27-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралып жатат. Сот Эмил Кайыпов өтүнүч, арыздар жоктугуна жана иштин документтери изилдөө толук аяктаганына байланыштуу жарыш сөзгө уруксат берерин айтты. Жарыш сөзгө чыккан прокуратура өкүлү Зилалиев президенттин кортежи Манас проспектисинен өтөрүн билип туруп курсантка “Азыр бомба жарылат” деп айтканын, УКМКнын ыкчам тобу ал жерде издегенин” билдирди. Ал коюлган беренелер туура экенин... Читать дальше...

Баш прокурор: Гуревич өзүнө карата соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылган

Azattyk.org 

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү АКШда жазасын өтөп жаткан Евгений Гуревич менен жолукканын ырастады. - Гуревич бизге конкреттүү далилдер менен айтса, биз иштейт элек. Ал бир да конкреттүү далил келтирбестен, оозэки түрдө эле 200-300 миллион доллар деп койду. Биздин тергөөчүлөр барып жолукканда деле конкреттүү түрдө айта алган жок. Кайсы банк, кайсы эсептер экени тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Ал Кыргызстандын үч баскычтагы сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, сыртынан 25 жылга соттолгон. Читать дальше...



Баш прокурор Жогорку Кеңеште Гуревичке байланыштуу маалымат берүүдө

Azattyk.org 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин финансылык кеңешчиси Евгений Гуревичтин айткандары боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.  Бул тууралуу ал Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.  Кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич жакында “Азаттыкка” маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан... Читать дальше...

28-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

28-сентябрда түнкүсүн тоолуу райондордо жамгыр, бийик  тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунда жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20, Нарын облусунда түнкүсүн 1...6... Читать дальше...

Трамп Кытайды Конгресстин шайлоосуна кийлигишкени жатат деп айыптады

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Кытай тууралуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин отурумундаал өзү алгачкы ирет төрагалык кылган жыйында билдирди. Кошмо Штаттар Коопсуздук кеңешинин ушул айдагы төрагасы. “Кытай менин администацияма каршы ноябрда болуучу шайлоого кийлигишүүгө аркеттенүүдө”, - деген Трамп мунун жүйөсүн Бээжин менен соода тирешине байланыштырды. Кытай Трамптын айыптоосун дароо эле четке какты. “Биз эч бир өлкөнүн ички ишине кийлигишпейбиз, кийлигишкен жокпуз. Биз Кытайдын дарегине айтылган негисиз айыптоолорду четке кагабыз”... Читать дальше...

Активист: Мамытовду шайлаган парламент тарасын

Azattyk.org 

Активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган акция өткөрдү. Ал өзүнүн талабы жазылган кагазды көтөрүп, 27-сентябрда парламенттин имаратынын алдына пикетке чыкты. Муну менен ал акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовдун шайланышына нааразылык билдирди.

Адам уурдоо боюнча жыл башынан бери 16 кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

2018-жылдын тогуз айында адам уурдоо фактысы боюнча 16 факты аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (“адам уурдоо”) боюнча иш козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, бул маалыматтарды ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев министрликтин Коомдук кеңешинин жыйынында келтирген. Ал адам уурдоо былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсе, ал эми сегиз жыл мурдагыга салыштырмалуу төрт эсе азайганын белгилейт. Кыргызстанда адам уурдоо фактысы боюнча былтыр 42... Читать дальше...



Эрдоган Германияны Гүлендин кыймылын “террорчу уюм” деп таанууга үндөдү

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган мындай чакырыкты Германияга мамлекеттик визити алдында немистердин Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитине жарыяланган макаласында жасады. Эрдоган макаласында Берлин Түркиянын тыюу салынган Күрт жумушучу партиясына (ПКК),  Гүлендин кыймылына каршы күрөшүн колдойт деп күтөрүн да жазат.  Ага катар Германия менен Түркиянын буга чейин бузулган дипломатиялык алака-катышында “жаңы баракты” ачууну көздөй турганын да белгилеген.  Анкара АКШда жашаган диниятчы... Читать дальше...

Бишкекте милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бишкекте кафедеги ок атууга байланыштуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндөгү жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду.  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, ишти аталган райондун прокуратурасы териштирип жатат. 12-сентябрга караган түнү Ахунбаев көчөсүндөгү "Империя пиццы" кафесинде жаңжал чыгып, милиция кызматкери кафенин коногуна ок жатканы кабарланган.  Табелдик куралдан ок аткан милиционерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен иш козголду. Читать дальше...

Порошенко БУУну Орусиянын агрессиясын токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Украин президенти Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы сөзүнүн басымдуу бөлүгүн Орусияны айыптоо үчүн колдонду. Порошенконун айтымында, Орусиянын “агрессивдүү экспанционисттик саясатын” дүйнө өлкөлөрү бирге болмоюнча эч ким токтото албайт. Украин президенти ага катар “экспанционизмге” каршы туруу БУУнун миссиясынын бир бөлүгү экенин да эске салды. Москва Порошенконун БУУдагы сөзүнө дароо жооп кайтарган жок. Украин президенти Улуттар Уюмундагы башка форумда өлкөсүнө БУУнун тынчтык орнотуучү миссиясын жөнөтүү чакырыгын дагы кайталап... Читать дальше...

Абылгазиев Каденова катышкан чырга начар реакция кылганы үчүн ТИМди сынга алды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн атайын жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова катышкан окуя боюнча оюн билдирип, бул тууралуу жазылган маалыматтарга жетиштүү реакция кылбаганы үчүн Тышкы иштер министрлигин сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты тараткан маалыматта айтылат. - Жогорку кызматтарды ээлеген кызмат адамдары кол алдындагы кызматкерлерге, коомдо жүрүм-туруму менен үлгү болууга тийиш. Болбосо мамлекеттик кызматка келбешибиз керек. Читать дальше...

Абдирасулова: Парламент адам укугун "жаакка чапты"

Azattyk.org 

Кыргызстандын акыйкатчысы болуп көп жылдан бери коопсуздук системасында иштеген Токон Мамытов шайланды. Парламенттин бул тандоосунун тегерегинде "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттык" менен ой бөлүштү.

Депутат Өзбекстан менен Казакстанга сууну сатууну сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өлкө аймагындагы суу сактагычтарда түзүлгөн кыйчалыш абалга өкмөттүн көӊүлүн буруп, коңшу өлкөлөргө сууну сатууну сунуштады. Бул тууралуу ал 27-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди:  -Таластагы Киров суу сактагычында 2 миӊ гектар жер суу астында калган. Биз болсо анда Казакстанга суу топтоп берип жатабыз. Дегеле суу сактагычтарда топтолгон суунун 90 пайызын Казакстан менен Өзбекстан көп жылдан бери акысыз пайдаланууда. Өкмөт аларга акы төлөтүү чарасын колго алууга тийиш, - деди Бокоев. Читать дальше...

Жалал-Абад шаарында жер астындагы өтмөк ачылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын Нагима Айтматова жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине курулган жер алдынан адамдар өтүүчү өтмөктүн курулушу бүтүп, 27-сентябрда ачылды. Анын узундугу 30, туурасы 6 метр. Курулушуна жергиликтүү бюджеттен 13 миллион сом бөлүнгөнү кабарланган. Курулуш иштери быйыл жазда башталган. Алгач 31-август - Эгемендик күнүндө пайдаланууга берилери айтылган, бирок курулуш иштеринен улам бир айга жакын убакыт кечикти.  Өтмөк куруу демилгеси шаардын мурдагы мэрине таандык. Шаардын Ленин... Читать дальше...

Автоунаага жашынып чек арадан өткүсү келген адам кармалды

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасында автоунаанын арткы отургучунун түбүнө жашынып Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Анда айтылгандай, “Акжол-автожол” көзөмөл өткөрүү бекетинин чек арачылары “Toyota Estima” үлгүсүндөгү автоунааны артынан шектүү нерсени байкап калышкан. Текшерүү учурунда жуурканга жашынып жаткан белгисиз жаранды тапкан. Сурамжылоо маалында бекинген киши 33 жаштагы Кыргызстандын жараны экени такталып, ага тиешелүү... Читать дальше...

Өкмөт келерки үч жылдын бюджетинин долбоорун сунуштады

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөт 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолун жарыялады. Өкмөттүн сайтында жазылгандай, келерки жылдын бюджет 2018-жылга салыштырмалуу 28 миллиардга көп деп пландалууда. Финансы министри Адылбек Касымалиевге таянып келтирилген маалыматта, республикалык бюджеттин киреше өлчөмү 2019-жылы – 168 млрд. 308 млн. сомду, 2020-жылы – 175 млрд. 881 млн. сомду жана 2021-жылы 182 млрд. сомду түзөт деп болжолдонууда. Кабарда белгиленгендей, 2019-жылы ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү ... Читать дальше...

Активист Жогорку Кеңештин таркашын талап кылды

Azattyk.org 

Активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган акция өткөрдү. Ал талабы жазылган кагазды көтөрүп, 27-сентябрда парламенттин имаратынын алдына пикетке чыкты. Муну менен ал акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовдун шайланышына нааразылык билдирди. - Адам укугун коргоо жаатында үзүрлүү иштеп келе жаткан талапкерлерди колдобой, өзүлөрүнө керектүү адамды шайлап алышты, - деди Токтонасыров. Жогорку Кеңештин депутаттары 26-сентябрда Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон Мамытовду шайлады. Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Урганта убрали из программы концерта, посвященного юбилею Окуджавы





Персональные новости
Сергей Собянин

В медорганизациях Москвы работают около 50 тыс. медсестер и медбратьев — Собянин





Караколдо мэр шайлоо 12-октябрда болот

Azattyk.org 

Каракол шаарынын жаңы мэрин шайлоо 12-октябрда болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими чыгып, расмий сайтка жарыяланды.  Шайлоону уюштуруп, өткөрүү Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды. Азырынча калаа башчылыгына кимдер ат салышары белгисиз. Шаардык кеңештин депутаттары бул маселе эми караларын билдиришти.  Каракол шаарынын мурдагы мэри Данияр Арпачиев өзү жазган арызынын негизинде 19-сентябрда кызматтан бошотулган.  31-июлда шаардык кеңештин депутаттары... Читать дальше...

"Искандер" Кыргызстанда эмнеге сыналды?

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө өтүп жаткан террорчулукка каршы эл аралык машыгууда “Искандер-М” ракетасы сыналды. Машыгуу учурунда Орусиянын аскердик учактары аткылоо жасап, жети өлкөдөн келген эки миңдей аскер кызматкери даярдыктан өттү. Уюштуруучу топ машыгуу ооган тараптан келчү коркунучтардын алдын алууга багытталганын белгилешти. Бирок анда ири аскердик ракетанын сыналышы түрдүүчө бааланууда.

Бишкек ЖЭБине 239 миң тонна көмүр келип түштү

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын жылуулук борборуна кышкы сезон үчүн 239 миң тонна көмүр келип түштү. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мекеменин маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди. Анын айтымында, жалпы 1 миллион тонна көмүр келиши керек. Калганы план боюнча кышында алынып келет.  25-сентябрда өкмөттүн атайын жыйынында Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев ЖЭБ алдыдагы күз-кыш мезгилине даяр экендигине ишендирген. Ал көмүрдүн 75% атамекендик, 25% импорттук болорун кошумчалаган.  Андрей Воропаев... Читать дальше...

ИИМ Баткенден Бишкекке жөө жөнөгөн атанын даттануусу боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги уулунун жол кырсыгына күнөөлөнүп камакка алынганына нааразы болуп Баткенден Бишкекти карай жөө жүрүшкө чыккан Сайитраим Абдилатовдун айыптоосу боюнча билдирүү таратты. Министрликтин сайтында жазылгандай, кеп болуп жаткан жол кырсыгы ушул жылдын 26-августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван башкармалыгында болгон. Белгисиз автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Араван районунун 41 жаштагы тургуну кырсык орун алган жерде каза тапкан. Читать дальше...

УКМК: Сирияга адамдарды жөнөткөн жаран кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы эл аралык террордук уюмга мүчө деп шектелген дагы бир жаран кармалганын билдирди. 23 жаштагы жигит террорго каршы жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында 19-сентябрда колго түшкөн. Маалыматта ал 2013-жылы террордук уюмдарын бирине мүчө болуп, Сирия өкмөтүнө каршы салгылаштарга катышканы айтылат. Андан тышкары, террордук топтун башчысынын тапшырмасы менен ал жака адам жалдап, КМШ мамлекеттеринен 100дөн ашуун кишини алып барган деп шектелүүдө. Читать дальше...

Жарандык активист парламенттин таркашын талап кылат

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган акция өтөт. Аны жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров уюштурарын өзү “Азаттыкка” кабарлады. - Адам укугун коргоо жаатында үзүрлүү иштеп келе жаткан эки талапкерди колдобой, өзүлөрүнө керектүү адамды шайлап алышты, -  дейт Токтонасыров. Жогорку Кеңештин депутаттары 26-сентябрда Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Мамытовду 79 депутат колдоду. "Бир Бол" сунуш кылган Рита Карасартовага 9... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Заммэра Москвы Ефимов: набережная в Южном порту увеличится в 1,5 раза


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Карен Хачанов

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля





Путин в России и мире
Москва

ПРЕДСТАВИТЕЛИ РУКОВОДСТВА РОСГВАРДИИ ПРИНЯЛИ УЧАСТИЕ В ИНАУГУРАЦИИ ПРЕЗИДЕНТА РОССИИ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко надеется на восстановление транспортных маршрутов с Израилем




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Мечтающего по победе Киева Макаревича* проверят на экстремизм


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Оззи Осборн

Оззи Осборн назвал Тони Айомми лучшим гитаристом, с которым он когда-либо играл



Москва

Ночные рейсы запустят из Читы в Москву с начала лета

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net