Элечек кийген "Жоконда"
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде “POSTTOTAL18” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү эшигин ачты. Мында көрүүчүлөр эски менен жаңынын айкалышында жаралган өзгөчө искусство өнөрүнө күбө боло алат.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде “POSTTOTAL18” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү эшигин ачты. Мында көрүүчүлөр эски менен жаңынын айкалышында жаралган өзгөчө искусство өнөрүнө күбө боло алат.
"Мен билген Айтматов" сынагына Мавлюда Маткасымовадан келген блогду сунуштайбыз.
Кыргызстанда өнөр адамдары “Боорукер бол” акциясынын алкагында ВИЧ илдетине кабылган жарандарга аяр мамиле кылууга чакырып жатышат.
"Күз деми" марафонунун уюштуруучусу Зина Кабылбек кызы чуркоодо биринчи кезекте бут кийимге көңүл буруу керектигин айтты.
Жогорку Соттун төрайымы болуп судья Гүлбара Калиева шайланды. Аны менен кошо үч орун басар да алмашты. Соттор өздөрү жаңы жетекчилик кесипкөйлүгүнө карап тандалганын айтышууда. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы соттук кызматына келген Калиеванын калыстыгынан шек санагандар да чыкты. Мындан сырткары мурдагы төрайымдын кайра орун басар болуп дайындалышы да сынга кабылды.
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Каденова Зууракан Ажимаматовна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Бүгүн Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан. Читать дальше...
Калаа башчысы балбан Төрөхан Багынбай уулуна 100 миң сом, Акжол Махмудовго 50 миң сом тапшырган.
Ирандын Ахваз шаарында аскерий парад учурунда элге ок атылды. Акыркы маалымат боюнча 24 киши каза таап, 60тай киши жараат алды. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги Ирандын мамлекеттик телевидениесине таянып жазып чыкты. Ок сахна тараптан атылган. Терорчулар аскерий кийим кийип алып, элге ок чыгарган. Мамлекеттик маалымат каражаттары ок атууга исламдын радикалдуу такфиризм идеологиясынын тарапташтары жооптуу экенин айтышууда. Ошол эле учурда өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ терактка жоопкерчилик алганы маалым болду... Читать дальше...
Бээжин мындай чечимди АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы кытай товарларына төлөмдөрдү жогорулаткан соң кабыл алды. Бул тууралуу The Wall Street Journal кабарлады. Басылманын маалыматына караганда Кытай Вашингтонго барчу эки делегациясынын сапарын токтоткон. Жолугушуулар жакынкы күндөргө белгиленген. Трамп 18-сентябрда Кытайдын товарларына жаңы төлөмдөрдү киргизген. Алар кийинки жумадан тартып күчүнө кирип, Кытайдын 200 миллиард долларлык экспорттук товарына таасир этмек. Трамп... Читать дальше...
Жогорку Соттун төрайымы болуп судья Гүлбара Калиева шайланды. Аны менен кошо үч орун басар да алмашты. Соттор өздөрү жаңы жетекчилик кесипкөйлүгүнө карап тандалганын айтышууда. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы соттук кызматына келген Калиеванын калыстыгынан шек санагандар да чыкты. Сын-пикирлерге мурдагы төрайым Айнаш Токбаеванын кайра орун басар болуп дайындалышы да себеп болууда.
Атасы аракеч студент кыз үй-бүлөдөгү энелерге, балдарга болгон зомбулукту айтып, "Азаттыкка" кайрылды. Ал аракеч адамдарды ичимдигин таштап, балдарга көңүл бурууга чакырды. 21 жаштагы Айжамал энесинин укугун коргойм деп, ушу тапта юридикалык факультетте окуп жатат.
23-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланат. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 9...11, күндүз 18...20, Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27, Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...25, Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18 Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Читать дальше...
Бүгүн эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан. Кийин "Азаттык" бул маалыматты Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султановдон да тактады. Анын айтымында мамлекеттик кызматкер учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган. Экипаж анын айынан бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө мажбур болуп, рейс бир нече убакытка кечиккен. Читать дальше...
Улуттук филармония, ири базарлар, "Арзу" рестораны, "Супара" этнокомлекси ж.б. коомдук эс алуучу жана соода жайларынын өрттөнүп кетишине эмне түрткү болду? Эл көп жүргөн жерлерде тилсиз жоонун алдын алууга болобу?
«Ата Мекен» фракциясы Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар менен кароо өтүнүчү менен сот, прокуратура органдарына кайрылат. Бул тууралуу фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов Таласта өткөн көчмө жыйында билдирди: - Текебаев ак жеринен эркинен ажырады. Ошондуктан, азыркы жаңы бийлик, жаңы сот системасы, жаңы идеология, адилеттүүлүк орносун, калыстык келди деген заман чын болсо, Текебаев чыгышы керек. Анткени Текебаев ак жеринен отурганын алты миллион эл билет. Бир далил жок Атамбаев өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бир шылуунду алып келип... Читать дальше...
Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Сайдираим Абдилатов уулу Кимсанбайдын жок жерден жол кырсыгына күнөөлөнүп эки айга камакка алынганына нааразы. Буга байланыштуу ал Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыкты. 25-август түнү Кызыл-Кыя шаар аймагында белгисиз айдоочу бир кишини койдуруп, качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден эле каза тапкан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кимсанбайды шектүү катары кармоого соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы себеп болгонун кабарланган. Шектүүнүн... Читать дальше...
22-сентябрда Орусиянын бир катар шаарларында пенсия курагын көтөрүү демилгесине каршы чыккандар нааразылык акциясын өткөрүштү. Айрым шаарларда ушундай эле нааразылык акциялары 23-сентябрда өтөрү айтылып жатат. Митингдерди Орусия Федерациясынын коммунисттер партиясы, Солчул фронт, Орусиянын элдик патриоттор бирикмеси уюштурууда. 9-сентябрда да Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл Алексей Навальный уюштурган ушундай тариздеги митингдер болуп өткөн. Алардын көбү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү... Читать дальше...
2025-жылы дүйнөдөгү иштердин көбүн роботтор жана алгоритмдер аткарып калат. Дүйнөлүк экономикалык форумдун соңку иликтөөсү мына ушундай жыйынтык берди.
2025-жылы дүйнөдөгү иштердин көбүн роботтор жана алгоритмдер аткарып калат. Дүйнөлүк экономикалык форумдун соңку иликтөөсү мына ушундай жыйынтык берди.
Балдарга арналган "Кыргызстанды кыдырабыз" аттуу китептин бет ачары Касымалы Баялинов атындагы китепканада өтөт. Китеп Кыргызстандын жети дубаны жөнүндө жазылган. Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун кызматкери Нурзат Жээнбаева "Азаттыкка" билдирди. - Бул китеп эки тилде басылып чыкты. Орус тилинде 2000 нуска менен, кыргыз тилинде миңден ашык нуска менен чыкты. Бир үй-бүлө Кыргызстанды бир жылдын ичинде кыдырып, аны аңгеме катары айтып берет. Анда ар бир дубандын көрүнүктүү кооз жана тарыхы зор жайлары сүрөттөлгөн. Читать дальше...
Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгенин ээси болгон Төрөкан Багынбай уулун Ош Эл Аралык аэропортунан тосуп алышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун ата-энеси, жакындары, шаар жаштары жана спорт сүйүүчүлөр спортчуну аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу тосуп алышты. - Өлкөбүздүн, сүйүктүү шаарыбыздын намысын чет өлкөдө коргоо мен үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, жетишкендиктерде колдогон, ата-энелерибизге, Ош шаарынын мэриясына, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине... Читать дальше...
"Мен билген Айтматов" сынагына Кайрат Искендеровдон келген блогду сунуштайбыз.
Жогорку Соттун төрайымы болуп Гүлбара Калиева шайланды. Бул тууралуу жыйынга катышкан "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. Гүлбара Калиева 2015-жылдын сентябрь айынан баштап Жогорку Соттун судьясы болуп иштейт. Ал 1981-жылы Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетин аяктаган. Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева мыйзамга ылайык, үч жылдык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан 21-сентябрда кеткен. Ал 2015-жылдын 22-сентябрында шайланган. Айнаш Токбаева мурдараак жыйынтыктоочу маалымат жыйын өткөрүп жатып... Читать дальше...
Таласта "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу жыйынга катышып жаткан "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы Альбина Сулайманова билдирди. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө өтүп жаткан иш-чарада айыл чарба жана билим берүү тармагы боюнча сөз болот. Эл өкүлдөрү мектептердин кышка даярдыгынан кабар алып, көптөн бери курулушу аяктай элек мектептер боюнча да маселе козгойт. Дыйкандарга кредит берүү тууралуу сөз кылышат. Жыйынга "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.