Көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө Казакстан эң көп медаль утуп биринчиге чыкты
Көчмөндөр оюндарында жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат.
Көчмөндөр оюндарында жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат.
2-сентябрда Кырчын жайлоосунда этношаарча ачылып, “Көчмөндөрдүн алтын кылымы” деген театралдаштырылган фестиваль өттү. Фотокабарчыбыз Гүлжан Турдубаеванын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунан тартып келген сүрөттөрүн сунуштайбыз.
НАТО күчтөрүнүн жаңы кол башчысы, америкалык генерал Скотт Миллер 3-сентябрдагы кандуу окуяны “трагедиялык жоготуу” деп атады. Командачылыктын билдирүүсүнө караганда, аскер кызматчы “ички кол салуудан” каза тапкандай. Бул - быйылкы жылы АКШнын Ооганстанда алтынчы аскерин жоготушу. Кол салуудан дагы бир аскер жаракат алган. “Ички кол салуу” дегенде ооган коопсуздук күчтөрүнүн мүчөсү же оогандардын аскерий формасын кийип алган адам коалициялык күчтөргө ок аткан учурлар эске алынат. Акыркы жылдары мындай көрүнүштөр негизи азайып калган. Читать дальше...
Тегерандан келген маалыматтарга караганда, Ирандын улуттук акчасы риалдын америкалык долларга алмашуу курсу акыркы үч күндө эле көмүскө базарда 15% түшүп кетти. Натыйжада 3-сентябрда бир америкалык доллар 128 500 риалга сатылган. Риалдын кунунун кетишинин бул жолку баскычынын алдында, 1-сентябрда Ирандын Борбордук банкынын башчысы Абдулнасир Химмати өлкөнүн чет элдик валюта корун колдонууда чектөөлөр киргизилерин жарыялаган. Бул өз кезегинде валюта таңкыстыгы күчөйбү деген кооптонууларды жараткан. Читать дальше...
Кытай президенти Си Цзинпин 3-сентябрда Бээжинде Африка лидерлери менен ири саммиттин ачылышында сүйлөгөндө бул континенттин өлкөлөрүнө өнүгүүнү убада кылды. Си Цзинпин билдиргендей, Бээжин Африкага жаңыдан берүүнө көздөгөн 60 миллиард доллар акчанын 15 миллиард доллары жардам, үстөгү төмөн насыя, концессиялык кредит, 20 миллиард доллары кредит болот. Ал эми 10 миллиардды Кытай - Африка өнүгүү коруна, беш миллиардды Африкадан товар импорттоо боюнча атайын корго бөлүнөт. Кытай лидери ага катар... Читать дальше...
Казакстандын курама командасы бүгүн, 2-сентябрда саат 12.30да Красноярский крайынан (Россия) келген оюнчулар менен беттешмек. Бирок эмнегедир улакчылар оюн талаасына чыккан жок.
Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатынын мааниси, сценарийи мурдагы ачылыштарга салыштырып жатат. Салтанатта ат оюндары көрсөтүлүп, "Манас" айтылып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү жаңырды. Айрым адистер расмий ачылышта негизинен адамзаттын, анын ичинде кыргыздардын таралышы боюнча философиялык ойлорго басым жасалып, жалпы көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурдура турган өзгөчө көрүнүштөр аз болгонун белгилешет.
3-сентябрга караган түнү Москванын "Курская" метросунда 23 жаштагы полиция кызматкеринин сөөгү табылган. Ал башына атылган октон каза тапканы аныкталган. Орусиялык басылмалардын маалыматы боюнча кылмышка шектелип теги кыргызстандык Орусиянын жараны, 43 жаштагы Н.М. камакка алынды. Интернетте тараган видеодо полиция бөлүмүндөгү суракта Н.М. Орусияда иштей турганын, күнөөсү жоктугун айткан. Тергөө комитети учурда Кылмыш кодексинин 317-беренеси ("Полиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу") боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Читать дальше...
Балдарга көлдү, тоо-ташты таштандыдан коргоого үндөгөн ыктыярчылар, ат үстүндө ойногон эр жүрөк каскадёр кыз Диана, насыяга коюлган спектакль, төөбуурчакты жыйноо үчүн трактор кураган таластык дыйкан тууралуу баяндар "Данисте" телетоптомунун өзөгүн түздү.
Кыргызстанда Үчүнчү Көчмөндөр оюндары башталып, дүйнө коомчулугунун көңүлү анын жүрүшүнө бурулуп турган учуру. Ушундан улам көчмөндөрдүн спорттук оюндарынын тарыхына, азыр өткөрүлүп жаткан мелдештердин миссиясына жана анын жалпы дүйнө элине тийгизе турган таасирине кызыгуу күч. Кыргызстан демилге көтөрүп өткөрүп келаткан оюндардын тарыхта алган орду жана салмагы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев жооп берди.
Өлкө батышындагы Львов облусунда 3-сентябрда башталган "Rapid Trident-2018" аттуу машыгууларга 14 мамлекеттен, анын ичинде АКШдан 2200дөй аскер катышууда. 15-сентябрга чейин өтө турган машыгууларга Украинадан 350дөй аскер бөлүгү тартылат. Өлкөнүн Улуттук гвардиясынын жана Чек ара кызматынын аскерлери НАТО күчтөрү менен машыгууларга биринчи жолу чакырылды. АКШнын Киевдеги элчиси Мари Йованович ачылыш салтанатында "машыгууларга катышып жаткан мамлекеттердин баары Украинанын коопсуздугуна, суверенитетине... Читать дальше...
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине кандай реформа керек? Эмне үчүн бул кеңеш гуманитардык жана маданий кызматташтыктын алкагынан чыга албай жатат? Саясий маселелерде уюмдун мүчөлөрү бири-бирин канчалык колдоп кете алат? “Азаттыктын” суроолоруна азербайжандык саясат таануучу Зардушт Ализаде жооп берди.
Мохаммад Жавад Зарифтин Сирия борборуна сапары өкмөттүк күчтөр Идлиб провинциясына аскерий чабуулду баштайын деп турган учурга туш келди. Ирандын тышкы саясий мекеме башчысы Дамаскта Сириянын президенти Башар Асад менен да сүйлөшүүлөрү белгиленген. Түркия менен чектешкен Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулардын акыркы маанилүү таянычы. Асадды колдогон Орусия жана Иран "Идлибде террорчулар бар жана аймак алардан тазаланышы керек" деп эсептейт. Бирок мамлекеттик... Читать дальше...
Жалал-Абаддын Чаткал районунда алтын кендерине байланыштуу мыйзамсыз иштерге жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашканбы? Кримчөйрөнүн лөгү атыккан адамдар да барбы? "Азаттык" ушул чуулгандуу жагдайларды иликтеп чыкты. Иликтөөнү 5-сентябрда көрүңүз.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-сентябрда Чолпон - Атадагы саммитте буларды айтты: - Эл аралык соода жүгүртүүнүн долларга карата көз каранды болуп калышы учурда тоскоол боло баштады. Биз бул тармакта өз улуттук акчабыз менен соода жүгүртүү маселесин талкуулоону сунуштайбыз. Улуттук жана жергиликтүү валютага өтүшүбүз шарт. Эрдоган саммитке чейин мындай сөздөрдү Бишкектеги расмий сапары учурунда кыргыз-түрк ишкер форумунда да айткан. Түркияда август айында инфляциянын көрсөткүчү былтыркы... Читать дальше...
Пенсиядан улам орусиялыктардын 53% көчөгө чыгууга даяр. Мындай тыянак Москвадагы “Левада-борбору” жүргүзгөн акыркы сурамжылоодо чыгарылды. "Рейтердин" Мьянмадагы эки кабарчысы жети жылга соттолду. НАТОнун Ооганстандагы кол башчысы алмашты. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чет элдиктердин көзү менен.
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин президенттеринин саммити жыйынтыкталды.
Казакстандын Көкбөрү командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы таймашка келген жок жана мунун чоо-жайы түшүндүрүлө элек. Казактар 3-сентябрда саат 12:30да Орусиянын Красноярск командасы менен беттешмек. Бирок казакстандык улакчылар келген жок. Кыргызстандын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда казак оюнчулары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Айрым маалымат каражаттары Казакстандын көкбөрүчүлөрү оюндан чыкканын жазган, бирок бул маалымат расмий бышыкталган жок. Читать дальше...
Казактар оюн талаасына чыкпаганын социалдык тармактын колдонуучулары дагы жазып жатат.
Беттеш 20:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Беттеш 20:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинде сүйлөп жатып экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды: - Баарыбыз көрүп тургандай, учурда эл аралык майдандагы туруксуз жагдай глобалдык өнүгүүгө сезилерлик даражада терс таасир көрсөтүүдө. Азыр бул тууралуу урматтуу президенттер, өзүңөр да белгилеп өттүңөр. Ооганстандагы көйгөйдүн токтобой келатканы, Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий кескин абал сакталып турганы чөлкөмгө түздөн-түз таасир тийгизип жатат. Читать дальше...
"Рейтердин" Мьянмадагы эки кабарчысы рохинжа мусулмандары тууралуу жазган материалдарында "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп жети жылга соттолду.
Бул тууралуу жапон медиасы кабарлоодо. Алардын маалыматына караганда, Жапониянын Ирандан чийки мунайды дүңүнөн сатып алган компаниялары бул сооданы келерки айдан тарта токтотууга даярданып жатат. Башкы себеп - АКШнын Иранга каршы экономикалык санкциялары. Жапония мунайдын 80% Жакынкы Чыгыштан импорттойт. Иран ага кара май саткан өлкөлөрдүн катарында алтынчы орунда турат. АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимден чыгып кеткенине байланыштуу Вашингтондун Тегеранга каршы... Читать дальше...
Ысык-Көл аймагында өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз спортчулары тажик күрөшүнөн үч байге алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Айыпхан Миңбаев билдирди. Анын айтымында, тажик күрөшүнөн 28 өлкөнүн балбандары күч сынашып жатат. Кыргыз балбандарынан 68 килограмм салмакта Абдырасул уулу Марлен алтын, 82 килограммда Аманилла уулу Шерипбай күмүш, 82 килограммдан жогорку салмакта Кайратбек Тойчиев коло байге алышты. Түркмөнстандык балбандарда да 1 алтын... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.