Баркы кеткен диппаспорт
Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломаттык жана кызматтык паспортторду жеке кызыкчылыгына колдонгон фактылар аныкталганын кабарлады.
Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломаттык жана кызматтык паспортторду жеке кызыкчылыгына колдонгон фактылар аныкталганын кабарлады.
Орусияда Мамлекеттик дума аялдардын пенсия курагын 60 жашка чейин гана көтөрүүнү караган өзгөртүүнү колдоду. Пенсиялык реформага каршы нааразылык митингдери эми токтойбу? Өкмөт келтирген демографиялык негиздемелер канчалык орундуу? Орусиялык пенсионерлерди жашоо-турмушу кандай? АКШ менен Кытайдын соода эрегиши же “согушу” улам жаңы баскычка чыгууда. Бул талаш глобалдык экономикалык өсүштү жайлатып, иш орундарын кыскартат деген кооптонуулар канчалык жүйөлүү?
Казакстандын “Сырбар” деп аталган Тышкы чалгын кызматынын жаңы башчысы болуп Исатай Сартаев дайындалды. Ал буга чейин ушул эле мекемеде директордун орун басары болгон. Президент Нурсултан Назарбаевдин тиешелүү буйругу бүгүн Акордонун сайтында жарыяланды. “Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, “Сырбардын” мурдагы башчысы Габит Байжанов 19-сентябрда президенттин жардамчылыгына - Коопсуздук кеңештин катчылыгына дайындалган. Казакстанда Тышкы чалгын кызматы 2009-жылы түзүлгөн. “Сырбар”... Читать дальше...
27-сентябрда Тбилисиде жана Грузиянын башка шаарларында Сухуми колдон чыкканынын 25 жылдыгын, чейрек кылым мурдагы согуштун курмандыктарын эскерүүгө арналган иш-чаралар өттү. 1993-жылдын сентябрь айынын соңку күндөрү абхазиялык жана түндүк кавказдык күч түзүмдөр Сухумиден грузин аскерлерин сүрүп чыгарып, Абхазиянын эгемендигин тааныган. Сухумиден грузин тектүүлөр да кетүүгө аргасыз болгон. “Азаттык” радиосунун “Эхо Кавказа” сайты кабарлагандай, бүгүн эртең менен Грузиянын бардык мамлекеттик мекемелеринде желектер түшүрүлдү. Читать дальше...
Брет Кавано Конгрессте сексуалдык ыдык көргөзүү боюнча анын дарегине айтылган айыптоолордун шартында көрсөтмө бергени жатат. Бүгүн Конгрессте Каванону 1980-жылдардын башында сексуалдык ыдык жасаган деп айыптаган аялдардын бири Кристин Блейзи Форд дагы сүйлөмөкчү. Жогорку Сот судьялыгына талапкер өзү анын дарегине айтылган айыптарды “күлкүлүү” деп атады. Талапкерди Ак үй колдоп, бул консервативдик көз караштары менен белгилүү судьянын Жогорку Сот мүчөлүгүнө дайындалышына демократтардын тоскоолдук кылуу аракети экенин белгилеп жатат. Читать дальше...
Боширов эмес, Чепига. Турист эмес, полковник. Эл аралык иликтөөчүлөр Солсберидеги ууланууга шектүүнүн купуя өмүр баянын ашкереледи. Өзбекстандык карыя укук коргоочу 12 жылдык бозгундан кийин мекенине кайтты. Словакияда иликтөөчү журналистти жана анын сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Орусия айдоочусуз жүрө алчу "КамАЗ" автобусун элге көрсөттү.
Режеп Тайип Эрдоган сапарын утурлай немистердин Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинде жарыяланган макаласында ал Германия менен Түркиянын буга чейин бузулган дипломатиялык алака-катышында “жаңы баракты” ачууну көздөй турганын белгиледи. Ошондой эле Берлин Анкаранын тыюу салынган Күрт жумушучу партиясына (ПКК) жана Гүлендин кыймылына каршы күрөшүн колдойт деп күтөрүн да жазат. Ага катар немис өкмөтүн Гүлендин кыймылын “террористтик” уюм деп таанууга да чакырган. Анкара АКШда жашаган диниятчы... Читать дальше...
Швейцариядан келген жубайлар, Чоң-Кеминдеги Тар-Суу айылында бир айдан бери жашап келет. Бул аралыкта алар айыл турмушундагы жашоочулар байкабаган айрым көрүнүштөрдү сүрөт аркылуу чагылдырат. Кызыгы экөө тең сүрөтчү болгондуктан талаш-тартыш менен талкууга жакын. Биз барганда алар айыл четиндеги көмөк чордонду тартышты.
27-сентябрда өткөн добуш берүүдө мыйзам долбоорун Мамлекеттик думанын 333 депутаты колдоп, 67си каршы чыкты. Мыйзам долбоордун акыркы редакциясына ылайык, Орусияда аялдардын пенсия курагы азыркы 55тен 60ка көтөрүлөт. Мамлекеттик Дума өкмөттүн демилгесине ылайык, аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун биринчи окуудан июль айында жактырган. Бирок президент Владимир Путин 29-августтагы телекайрылуусунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын жарыялаган. Читать дальше...
Ушул жылдын 19-июль күнү Sputnik Кыргызстан радиосунун жооптуу редактору, кабарчы Исмаил Мамытов 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Тазагүл Сатарова, Азамат Ташболотов, Бурхан Алмамат уулу жана айдоочу Сооронбой Бадамовдордон турган ыкчам-тергѳѳ тобу 27-сентябрда сууга агып бараткан аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди. Аталган топ кезектеги чакыруудан кайтып келаткан чакта калаадагы Масалиев проспектисине улай шар аккан каналды бойлоп келе жаткан кыздын карааны кѳрүнбөй калганын байкап калышат. Алар автоунаану токтотуп... Читать дальше...
Кадамжай районунун Майдан айылында Шамбесай кенин иштеткен кытайлык ишкерлерди коркутуп, контейнерге камап салгандар боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди. Анын айтымында, ишти Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү жергиликтүү бийлик менен чогуу иликтеп жатат. Бердикулова милицияга таянып билдиргендей, иш “өзүм билемдик” катары катталган. Чолпон Бердикулова кошумчалагандай окуя 25-сентябрда болгон. Читать дальше...
Экс-министр мурдагы жылы коло алса, былтыр байгесиз кайткан.
Майлуу-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге протез коюп берүү маселеси каралып, жарым-жартылай чечилди. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат катчысы Гүлзат Жарашева билдирди. Анын айтымында, штабдын жетекчилиги кеңешип, жоокердин бир колунун протезин каржылоого макулдук беришкен. Экинчи колуна да жасалма жабдуу коюуга акча табуу маселеси каралып жатат. Жарашева белгилегендей бир протездин наркы болжол менен 30 миң АКШ долларын түзүшү мүмкүн. №30295... Читать дальше...
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары мэр Карыбек Саралаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Эл өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, буга чейин көтөрүлүп келген калаадагы социалдык маселелерге жакшы көңүл бурулбай жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынды. Бирок сөз кайсы маселе тууралуу болуп жатканын азырынча тактоо мүмкүн боло элек. 25-сентябрда шаардык кеңештин сессиясына катышкан 18 депутаттын 16сы мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү колдоду. Мэр Саралаев да муну тастыктады, бирок комментарий бербестигин айтты. Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, Орусиянын банктары АКШнын жаңы экономикалык санкцияларынын коркунучунан улам өлкөгө еврону рекорддук көлөмдө алып келип, долларды азайтышууда. Маселен июль айында Орусиянын банк сектору аркылуу 2014-жылдан берки рекорддук көлөмдөгү евро өткөн. Анын суммасы долларга айлантканда эки миллиард доллардан ашат. Ошол эле учурда банктар Орусияга сыртта 900 миллиондой гана доллар которушкан. Банктардын акча которууларында мындай тенденция бар экенин Орусиянын Борбордук банкы да ырастады. Читать дальше...
Гуревич өзүнө карата соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылган. Бул тууралуу баш прокурор Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич менен Башкы прокуратура өкүлүнүн жолугушуусунун протоколун талап кылды. 27-сентябрда парламентте баш прокурор баштаган адистер катышкан жыйында депутат бул маселени көтөрүп, аталган жолугушууну уюуштурууну шалаакылык катары баалады. Баш прокурордун айтымында, Гуревич менен ошол кездеги Тергөө башкармалыгынын орунбасары Мелис Мырзаканов жолуккан. Парламент жыйынына катышып отурган Мырзаканов өзү да муну бышыктап... Читать дальше...
Кыргызстандагы "Оскар” комитети режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” (“Ночная авария”) тасмасын АКШнын “Оскар” сыйлыгына сунуштады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти. Комитет мүчөлөрү 26-сентябрдагы отурумунда Бирназаровдун тасмасы менен Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасын карап, анын ичинен “Түнкү кырсык” фильми тандалып алынган. Лос-Анжелестеги Америка киноакадемиясы сунушту кабыл алса, тасма “Мыкты чет элдик кино” номинациясында жарышат. 2018-жылдын кинематография тармактары... Читать дальше...
Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, Словакиянын полициясы жети ай мурда киши колдуу болгон иликтөөчү журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелгендерди кармады. Бул маалыматты өлкөнүн премье-министри Петр Пеллегрини “Фейсбуктагы” баракчасында ырастап, аталган кылмышты иликтөө өкмөт артыкчылык берген иш экенин белгиледи. "Dennik N" интернет басылмасы полициядагы булактарына шилтеме жазап жазганына караганда, кылмышка шектүү сегиз киши, анын ичинде журналистти өлтүрдү деп шектелген адам кармалды. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешине Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчисинин жана Тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрүндө айтылган кырдаалды текшерүүнү тапшырды. Жээнбеков элчи Кылычбек Султанды бир катар себептер менен кызматынан бошотуу тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сунушунда келтирилген фактыларды терең талдоону буйруду. Тышкы иштер министрлиги "дипломаттык этиканы бузду" деп, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан алууну өткөн аптада сунуштаган. Читать дальше...
Bellingcat жана The Insider иликтөө агенттиктери өзүн жөнөкөй турист катары тааныштырган "Руслан Бошировдун" чыныгы тек-жайын аныктап чыкты.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 27-сентябрда парламентке келип, Бакиевдер жана алардын финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич айткан сөздөргө байланыштуу баяндама жасады. Депутат Элвира Сурабалдиева Лондон менен сүйлөшүп, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди эстрадициялоону жандантууну сунуштады. Эл өкүлү бул ишке саясий эрк керектигин белгилеп, парламент буга жардам берерин айтты. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.