Белграддагы гей парадга шаар мэри, өкмөт башчы катышты
Сербия борбору Белградда бүгүн кумса, лесбиян, трансгендер, бисексуал активисттердин парадына өлкөнүн премьер-министри жана борбордун мэри да катышты. Бул учурда шаар борборун полиция курчап турду. Сербиянын алгачкы аял премьер-министри Ана Брнабич өзүнүн лесбиян экенин ачык жарыялаган саясатчы. Ал Сербия борборунда соңку кездери жыл сайын өткөрүлүп келаткан гей парадга эки-үч министрин кошуп алып, былтыр дагы катышкан. Бүгүнкү акцияга каршы Белградда отуздай киши нааразылык билдирип чыгышты. Читать дальше...