Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 17.09.2018

Орусия-Түркия: Идлибде буфердик аймак түзүлөт

Azattyk.org 

Түркия жана Орусия президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин Сочидеги сүйлөшүүлөрү Сириянын Идлиб провинциясы боюнча меморандум кабыл алуу менен аяктады. Сүйлөшүүлөрдөн соң жарыялангандай, Анкара менен Москва Идлибде каршылаш эки тарапты ажыраткан демилитаризациялык буфер аймагын түзүүнү макулдашты.

Президентке даттанган ишкерлер

Azattyk.org 

Кыргызстанда бизнеске мамлекеттик органдар бут тосушат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

2025-жылга чейин роботтор жумуш орундарынын 52% ээлешет

Azattyk.org 

2025-жылга чейин роботтор жумуш орундарындагы тапшырмалардын жарымынан көбүн аткарууга жарамдуу болуп калат. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форум 17-сентябрда жарыялаган баяндамасында билдирди. Маселен, хирургияда барган сайын роботтордун же компьютердик технологиялардын ролу көбөйүп баратканы айтылганы менен адамга өз алдынча операция жасаган, арзан роботтор азырынча жасала элек. Нидерланддагы Эйндховен технология университетинин окумуштуулары андай технологиянын үстүнөн иштеп жатышат. "РобоСкалпт"... Читать дальше...



Путин менен Эрдоган Сириядагы кырдаалды талкуулашууда

Azattyk.org 

Сириядагы куралдуу жаңжалда ар башка тараптарды колдогон Орусия менен Түркиянын президенттери 17-сентябрда Сочиде жолугушту. Кремль "абдан олуттуу" деп сыпаттаган сүйлөшүүдө эки лидер Сириядагы козголоңчулардын акыркы ири таянычы деп саналган Идлиб провинциясынын айланасындагы абалды талкуулап жатышат. Он күн мурда Владимир Путин, Режеп Тайып Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеранда жолугушуп, бул тема боюнча мунаса таба алышкан эмес. Ал жолугушууда Түркия президенти үч миллиондой... Читать дальше...

Данисте: Элеттин эли табышкер

Azattyk.org 

Өздөрүнө жумуш ордун түзүп, жакыр үй-бүлөлөргө да кол кабыш кыла баштаган баткендик ардагерлер. 80 орундуу мектепти ачкан ноокендик жеке ишкер. Сүттү үй шартында кайра иштетүүнү үйрөнүшкөн нарындык кыз-келиндер. Ушул жана башка баяндар "Данисте" берүүсүнө кирди.

Владивостокто шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар уланат

Azattyk.org 

Орусиянын Владивосток шаарында Приморье аймагынын губернаторун шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондордун акциясы уланат. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматына Орусиянын Компартиясынын (РФКП) талапкери Андрей Ищенко билдирди. Ал мурда жарыялаган ачкачылык акциясынан баш тартканын жана шаар администрациясынын алдына чатырларды да тикпестигин кошумчалады. Мындай кадамга ал партиянын лидери Геннадий Зюганов менен кеңешкенден кийин келгенин айтты. Дүйшөмбүдө Владивостокто Приморьенин губернаторун... Читать дальше...

Зере: Мен өз оюмду айттым

Azattyk.org 

Кыргызстанда 19 жаштагы Зере Асылбек кызынын "Кыз" аттуу клиби карама-каршы пикир жаратып, кызуу талкууланууда. Кыргыз коомунда анын ырынын мазмунуна эмес, сырткы келбетине нааразы пикир билдиргендер басымдуу болсо, коомдогу көрүнүшкө өз каршылыгын өзгөчө ыкма менен билдирген кызды кубаттагандар да арбын. Зере ырды жаратууга түрткү болгон жагдай тууралуу "Азаттыкка" берген маегинде баяндады.



Москва: "Боингди" украиналык ракета менен атып түшүрүшкөн

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги "Бук" деп аталган зениттик-ракеталык комплекстин 2014-жылы Донбасста атып түшүрүлгөн малайзиялык "Боинг" учагына байланыштуу окуяга тиешеси жоктугун билдирди. Мекеме өкүлдөрү учакты атып түшүргөн ракета Украинага тийиштүү экенин айтышты. Бул ракетанын кыймылдаткычынын номери менен аныкталганын 17-сентябрда Москвада өткөн жыйында Коргоо министрлигинин ракеталык-артиллериялык башкармалыгынын жетекчиси Николай Паршин айтты. Паршин белгилегендей, бул ракета 1986-жылы... Читать дальше...

Талас: ата-энелер боз үй сатып алууга каршы

Azattyk.org 

Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмү калаадагы сегиз мектепти ата-энелердин каражатынын эсебинен боз үй сатып алууга милдеттендирип жатканын жергиликтүүлөр айтып чыкты. Ушундай тапшырма берилгенин айрым директорлор да ырастады. Ал эми шаардык-райондук билим берүү башкармалыгы мектеп директорлорун боз үй сатып алууга мажбурлабаганын айтууда.

Адвокат: Муратовду айыптоого далилдер жок

Azattyk.org 

Москвада полициянын өлүмүнө айыпталып, камакка алынган теги кыргызстандык Нурлан Муратовдун адвокаты Алексей Толстых тергөөнүн азыркы кезде Муратовго күнөө коюуга далилдери жоктугун белгиледи. Адвокат маалымат каражаттарында полициячынын өлүмү боюнча айтылып жаткан божомолдордун чындыкка дал келбестигин кошумчалады. 3-сентябрга караган түнү Москванын "Курская" метросунда полиция кызматкери, 23 жаштагы Андрей Райскийдин сөөгү табылган. Москва шаарынын Тергөө комитети ал башына тийген октон каза тапканын кабарлаган.

Ооганстандын батышында талибдердин чабуулдары күчөдү

Azattyk.org 

Ооганстандын батышындагы эки провинцияда талибдердин кол салуусунан кеминде 12 полиция кызматкери курман болду. Фарах провинциясында 17-сентябрдын таңында согушкерлер өткөрмө-текшерүү бекетине чабуул коюшуп, кеминде жети тартип коргоочу набыт кетти. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин мүчөсү Мохаммад Нурзай билдирди. Пошт Род районунда болгон окуяда талибдер полиция кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, өздөрүнө каршы ок аткандары маалым болду. Дүйшөмбүгө караган түнү Багдис провинциясында талибдердин... Читать дальше...

Президенттин уулун даңазалаган "кошомат"

Azattyk.org 

Филлипинде ондогон кишинин өмүрүн жалмаган “Мангхут” тайфуну Кытайдын түштүк тарабына жетти. Македонияда өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча референдум алдында үгүт иши кызуу жүрүп жатат. Тажик президентинин уулун көкөлөтө мактаган ыр чыкты.

Ишкерлер президентке арманын айтты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда бизнеске мамлекеттик органдар бут тосуп, тоскоол болуп жатканы айтылды. Президент мындай көрүнүштү жок кылуу үчүн күрөш жүрүп жатканын билдирсе, ишкерлер коррупция менен күрөшкө жамынган мыйзамсыз иштерден жабыркап жатканын белгилешти. Буга чейин Кыргызстанды бизнес үчүн бейиш жайга айлантарын айтып келген бийлик органдары бул ирет ишкерлерге кандай убадаларды берди?

Чектелбеген мүмкүнчүлүктөр

Azattyk.org 

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кол өнөрчүлүк буюмдардын өзгөчө жармаңкеси болду. Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыздардын колунан жаралган буюмдар коюлду.

"Азаттык" көтөргөн маселе Ош мэриясынын жыйынында талкууланды

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 17-сентябрда кылмыштуулукка каршы жыйын куруп, натыйжалуу күрөш жүргүзүүнү тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, анда “Азаттыктын” журналисттери даярдаган “Бандиттер байырлаган Ош” иликтөөсү талкууланды. Мэр шаардагы ар бир спорт зал көзөмөлгө алынып, спортчулар кылмышка аралашпашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты. Жыйынга милициянын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын... Читать дальше...

"Бороондордун падышасы" Кытайга жетти

Azattyk.org 

Филиппинде ондогон кишинин өмүрүн жалмаган “Мангхут” тайфуну Кытайдын түштүк тарабына жетти. Мындан улам Кытайдын бир нече аймагында 2,5 миллиондой киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Дүйнөнүн батышында болсо “Флоренс” бороонунун коркунучу дале басаңдай элек.

АКШ-Кытай: соода тиреши тереңдегени турат

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар менен Кытайдын соода тиреши дагы тереңдегени турат. АКШ президенти Дональд Трамп эми Кытайдын 200 миллиард доллардык товарына кошумча бажы тарифтери коюлганын жарыялайт деп күтүлүүдө. Өз кезегинде Бээжин жооп чарага барарын билдирип жатат. Буга чейин дүйнөнүн эң ири экономикасы бири бирине каршы киргизген тариф колдонулган товардын акчалай көлөмү 100 миллиард долларга жеткен.

Кара-Кулжада мыйзамсыз сакталган "Калашников" автоматы табылды

Azattyk.org 

Оштун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу айылынын 35 жаштагы тургуну "Калашников" автоматын мыйзамсыз сактап жүрөт деп шектелүүдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, автомат ок атууга жарактуу. Курал 1989-жылы чыгарылганын соттук-баллистикалык экспертиза аныктаган. Милиционерлер шектүүдөн "Калашников" автоматын эки даана магазини жана 42 даана 5,45 калибрдеги октору менен 13-сентябрда алган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин... Читать дальше...


Музыкальные новости
Певец

Певец Григорий Лепс откроет караоке-бар Leps Bar в Петербурге





Персональные новости
Алсу

Алсу ире белән аерылышканмы?





Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар өнөрлөрүн көрсөтүштү

Azattyk.org 

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда майып улан-кыздардын колунан жаралган буюмдардын жармаңкеси өттү. 17-сентябрдагы иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 200гө жакын адам катышты. Ушул эле күнү алар өз өнөрлөрүн тартуулап, концерт да беришти.  Жармаңкени уюштурган "Равенство" уюмунун маалыматына ылайык,  #ЛОВЗпринт долбоорунун алкагында 18-сентябрда Бишкекте майыптардын укугун коргогон жүрүш өтөт. Иш-чара майыптардын көйгөйүнө бийликтин көңүлүн бурдуруу жана Кыргызстанды БУУнун Майыптар жөнүндө... Читать дальше...

Астана Кыргызстан ТИМи тапшырган нотадагы фактыларды текшерүүдө

Azattyk.org 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз бийлигинин Алматы аэропортундагы адам укуктарынын ыктымал бузулушу тууралуу билдирүүсүн текшерүү башталганын билдирди. "Биз учурда кайсы факттар тууралуу кеп болуп жатканын тактап жатабыз",-деди министрликтин маалымат катчысы Айбек Смадияров. Ал "Казакстан аэропортторунда коопсуздук режими бардык жүргүнчүлөр үчүн бирдей экенин" кошумчалады. 14-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев "Алматынын эл аралык аэропортунда кыргыз жарандарынын... Читать дальше...

Орусиядагы жол кырсыгында кыргыз жараны көз жумду

Azattyk.org 

Орусиянын Рязанск облусундагы жол кырсыгында бир кыргыз жараны көз жумду. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова маалыматты тастыктап, маркумдун жана жабыркагандардын тек-жайы такталып жатканын билдирди.  - "Каза болгон адам 1967-жылы төрөлгөн экен" деп айтышты. Демек күч органдары анын паспортун көргөн. Тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз, тийиштүү суроо-талапты ошол эле күнү жөнөттүк. "Интерфакс" Ички иштер министрлигинин жергиликтүү башкармалыгына таянып билдиргендей... Читать дальше...

Санкт-Петербургда пенсиялык реформага каршы митинг өттү

Azattyk.org 

16-сентябрда Санкт-Петербургда пенсиялык реформага каршы митинг өттү. Нааразылык акциясына 500дөй кишинин чогулганы кабарланууда. "Биз кул эмеспиз" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыккан митингчилер "Путин - ууру", "Путинсиз Орусия!" деген ураандарды чакырып турушту. "РВД-инфо" укук коргоочу уюмдун маалыматына караганда, полиция үч кишини кармап кетти. Катышуучулар бийликтин мындай мамилесине нааразылыгын билдирип жатышты. Өткөн жумада Орусиянын 80ден ашуун шаарларында ушундай эле митинг-жүрүштөр болгон. Читать дальше...

Мэттис: Орусия Македониядагы референдумга кийлигишүүгө аракет кылууда

Azattyk.org 

Орусия Македониядагы референдумга кийлигишип, оппозицияны акча жана таасир менен колдоого аракет кылып жатат. Мындай билдирүүнү 17-сентябрда Скопьеге келген АКШнын коргоо министри Жим Мэттис журналисттер менен жолукканда жасады. “Алар акча которгонунда күмөн жок, ошондой эле кеңири масштабдагы таасир этүү өнөктүгүн да жүргүзүп жатат” деген Кошмо Штаттардын коргоо министри Москванын аракеттери канчалык натыйжа берери белгисиз экенин кошумчалады. 30-сентябрда Македонияда өлкөнүн аталышын “Түндүк... Читать дальше...

Полиция: Солсбериде өзүн жаман сезген эки киши ууланган эмес

Azattyk.org 

Британ полициясы Солсбери шаарындагы ресторанда өзүн жаман сезген эки киши "Новичок" заты менен ууланбаганын бышыктады. 16-сентябрда "Преццо" ресторанында тамактанып жаткан түгөй өзүн жаман сезип ооруканага жеткирилген. Полиция шаарда буга чейин болгон окуяларды эске алып инцидентке «өтө олуттуу» деген макам ыйгарып, ресторанды курчоого алган. Жабыркагандардын аты-жөндөрү атала элек. Айрым маалыматтарга караганда, алардын бири орус улутундагы киши. Полиция иликтөөнү улантып жатат. Дал ошол ресторандын... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Прикамье» провело свыше 3 тыс. экологических исследований в I квартале 2024 года





Путин в России и мире
Москва

Транспортный коридор «Север-Юг» станет катализатором социального и экономического развития стран Евразии и глобального Юга


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко рассказал о планах расширения НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Виктор Цой

У могил Горшка и Виктора Цоя на Богословском кладбище появилась защита от вандалов



Москва

Специалисты рассказали, почему выросли цены на стройматериалы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net