123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 06.09.2018

Төрт өлкөнүн лидерлери британ өкмөтүнүн Скрипалдар иши боюнча бүтүмүн колдошту

Azattyk.org 

АКШнын, Франциянын, Германиянын жана Канаданын лидерлери британ өкмөтүнүн орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландырууга Орусия "дээрлик аралашкан" деген бүтүмүнө ынанып турушат. Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, АКШ президенти Дональд Трамп, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, ошондой эле Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин биргелешкен билдирүүсү бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Лондондун талабы менен... Читать дальше...



Өзбек улакчылары финалга чыгыш үчүн кандай даярданганын айтышты. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Өзбекстандын көк бөрүчүлөрү Көчмөндөр оюндарына жети ай бою даярданды. Бул туурасында команданын башкы машыктыруучусу Шералы Беккулов жарым финалдын алдында Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирген.

"Левада-борбору": Орусияда социалдык чыңалуу жогорулады

Azattyk.org 

Орусиялык "Левада-борбору" эл арасында социалдык чыңалуу кескин жогорулаганын маалымдады. Август айында сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 72 пайызы баалар өсүп жатканын айтышса, суралгандардын жарымы "эл жакырланып баратат" деген оюн билдиришкен. Ар бир үчүнчү киши экономикалык кризиске жана кирешелер акыйкат бөлүштүрүлбөй жатканына нааразы болушкан. Мындан тышкары маданияттуулук менен моралдык кризис, экологиянын начарлашы, кылмыштуулук менен оору-сыркоо көбөйгөнүнө ичимтап болгондор да арбыган. Читать дальше...

АКШ менен Индия "2+2" форматында сүйлөшүү өткөрдү

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана коргоо министри Жим Мэттис индиялык кесиптештери менен "2+2" форматындагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алар Делиге Индиянын аймактагы атаандаш өлкөсү Пакистандагы сапарынан кийин барды. 6-сентябрда Майк Помпео менен Жим Мэттис Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свара жана коргоо министри Нирмала Ситхараман айымдар менен жолугушууда стратегиялык жана коопсуздук маселелерин талкуулады. "Дүйнөдөгү демократиялык чоң өлкөлөр катары Кошмо Штаттары менен Индиянын... Читать дальше...

Текебаев операцияга уруксат бере элек

Azattyk.org 

Ооруканада дарыланып жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев онкологдордун калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алуу сунушуна макулдугун бере элек.

Түркиядагы каатчылык, түйшөлгөн мигрант

Azattyk.org 

Түркияда улуттук акча - лиранын курсу жыл башына салыштырмалуу кескин төмөндөп кетти. Буга эмне себеп? Мындай кырдаал Түркиядагы кыргыз мигранттарынын капчыгын жукарттыбы? "Биз жана дүйнө" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы Түркиядагы валюта кризисине жана мигранттарды азыркы абалына арналды.



Көк бөрү: Өзбекстан Казакстанды жарым финалда утуп алды (видео)

Azattyk.org 

Өзбекстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Казакстандын командасын жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды. Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында өткөн беттеште 5:4 эсебинде өзбек улакчылары жеңишке жетти. Оюндун 1-таймында өзбекстандыктар бир, казакстандыктар эки улакты тайказанга салышты. Экинчи таймда өзбек көкбөрүчүлөрү эки улакты атаандаштын тайказанына салса, казак оюнчулары бир улакты тайказанга таштап эсепти теңеди. Читать дальше...

Лондон: Скрипалдарды ууландырууга Путин жооптуу

Azattyk.org 

Британиянын ички иштер министринин орун басары Бен Уоллес Скрипалдарды ууландыруу иши орус президенти Владимир Путиндин жеке жоопкерчилигинде деп эсептейт. Анын 6-сентябрда айтышынча, анткени "ГРУну Путин өзү көзөмөлдөйт, каржылайт жана багыттайт". Уоллес Британия Кремлдин душманчыл аракеттерине каршы турат деп кошумчалады. Лондон кечээ Солсберидеги ууланууну уюштурду делген эки орусиялыктын атын атап, сүрөтүн жарыялаган. Британ премьер-министри Тереза Мэй парламентте ууланууга катышты делген Александр... Читать дальше...

Жапониядагы жер титирөөдөн ондогон адам дайынсыз болууда

Azattyk.org 

Жэби тайфунуна удаа Жапония экинчи табият апаатына туш болду. Хоккайдо аралындагы кубаттуу жер титирөөдө өлгөндөр ушул мүнөттөрдө жети кишиге жеткени кабарланууда. Ондогон адамдын өлүү-тирүүсү белгисиз. Жаракат алгандар жүздөн ашык. Очогунда 6,7 баллга жеткен жер титирөө бейшембиге оогон түнү катталган. Абира, Ацуми шаарларынан тартылган видеодон жерден жарака кетип, жер көчкү жүрүп үйлөрдү басып калганын, жарым жартылай ураган имараттар көрүнөт. Издөө-куткаруу иштерине 25 миңдей адам тартылды. Читать дальше...

Казакстан кастрацияны баштады

Azattyk.org 

Казакстанда сот бир кишини химиялык кастрация кылууга уруксат берди. Британиянын орус чалгын кызматына койгон жаңы дооматтарын Улуттар Уюмунун эң жогорку органы талкуулайт. "Левада-борбор" Орусияда социалдык чыңалуу кескин жогорулаганын, эл негизинен жакырчылык менен кымбатчылыкка нааразы экенин маалымдады. Жэби тайфунуна удаа Жапонияны кубаттуу зилзала жабыркатты.

Чет өлкө үчүн ойногон кыргыз улакчылар

Azattyk.org 

Үчүнчү бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында спорттун 37 түрү боюнча мелдеш жүрүп жатканына карабастан көрүүчүлөр үчүн эң кызыктуусу көкбөрү болуп жатат. Быйыл көкбөрүгө катышуу үчүн келген 11 команданын ичинде этникалык кыргыздардан турган командалар да бар. Көкбөрүнү мыкты ойногон кыргыздардын башка өлкөлөрдүн командаларында ойношу атаандаш айрым командалардын нааразылыгын жаратты.

ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү финалга жолдомо алды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын финалында ойнойт. Бүгүн 6-сентябрда жарым финалдык оюнда кыргызстандык көкбөрүчүлөр Орусиянын Москва облусунун командасын 23:5 эсебинде жеңип алды. Кыргызстан бул Көчмөндөр оюндарында тайпалык мелдеште А тобунда ойноп, Монголияны 29:5 эсебинде жеңип алды. Кийин Алтай командасы менен боло турган оюнда алтайлыктар толугу менен оюн талаасына чыкпай калды. Ошол себептен Алтай командасына техникалык утулуш жазылып... Читать дальше...

Москвада ондогон кыргыз жараны кармалып, кайра коё берилди

Azattyk.org 

Москванын тартип коргоо органдары 30га жакын кыргыз жаранын кармап кеткенине байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларга укуктук жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери кыргыз жарандары кармалып турган жайга барып, сүйлөшүү жүргүздү. Натыйжада 9 адамга миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн айыппул салынып, калганы кое берилди. Элчилик ар бир жаран Орусиянын аймагында каттоого өзү туруп, документтерин өз колу менен тапшыруусу керек экенин эскертүүдө. Читать дальше...

Чаткал: Алтын кендеги уюган кылмыш

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Чаткал районунда алтын кендерине байланыштуу мыйзамсыз иштерге жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашканбы? Кенди кримчөйрөнүн лөгү атыккан адамдар кармап, үлүш алып турабы?

Казакстан: Түркстандагы мектептеги 203 кыздын 169у мектепке жоолугун чечип кирди

Azattyk.org 

Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектептеги 203 кыздын 169у жоолугун чечүүгө макул болду. Бул тууралуу мектеп жайгашкан Мактарал районунун акиминин басма сөз катчысы Динмухаммед Аязбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, айылда курамында психологдор да кирген атайын топ иштеп жатат. Бүгүн аларга теолог адистер да кошулган. Окуучу кыздар жоолугун чечип жатканын Фирдауси мектебинин директору Жанар Мамырова да ырастады. Бүгүн жоолугун чечүүдөн баш тарткан башка кыздар сабакка келген эмес. Читать дальше...


Музыкальные новости
Певица

Певица Ирина Понаровская перенесла концерт в Москве





Персональные новости
Светлана Светличная

Сын Светличной рассказал, что не знает подробностей о состоянии матери





Корея кезектеги саммитке камданууда

Azattyk.org 

Түндүк менен Түштүк Корея эки өлкө лидерлеринин үчүнчү саммитин 18-20-сентябрда өткөрмөй болушту. Мындай чечим бир күн мурда Пхеньянда өткөн эки тараптуу жолугушууда кабыл алынды.

“Баламды мектепке кабыл алыңыздар” акциясынын алгачкы жыйынтыгы чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстанда “Баламды мектепке кабыл алыңыздар-2018” акциясынын алгачкы жыйынтыгы чыгарылды. Жалпысынан 1150 кайрылуу болду, алардын арасынан 120 баланын мектепке кирүүсүнө түздөн-түз жардам берилди. Иш-чараны “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюму Билим жана илим министрлиги менен бирге уюштурду. Лиганын жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” айтымында, мыйзам боюнча ар бир бала катталган жери гана эмес, жашап жаткан дареги боюнча деле мектепке кире алат, бирок көчүп келип, батирде... Читать дальше...

Скрипалдарды ууландыруу ишин БУУнун Коопсуздук кеңеши карайт

Azattyk.org 

Лондондун талабы боюнча 6-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууланышындагы жаңы жагдайларга байланыштуу жыйынга чогулат. Улуу Британия бул иш боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулууга 5-сентябрда чакырган. Анын алдында Лондон Солсберидеги ууланууну уюштурду делген эки орусиялыктын атын атап, сүрөтүн жарыялаган. Британ премьер-министри Тереза Мэй парламентте алар Орусиянын чалгын кызматкерлери болушкан деп билдирген. Читать дальше...

ДКО-2018: Көчмөндөрдүн таймашы

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы спорттук таймаштардан тартылган Гүлжан Турдубаеванын сүрөттөрү.

Ооганстанда “Талибандын” эки провинциядагы чабуулунан 19 аскер өлдү

Azattyk.org 

Расмий бийлик адамдарынын маалыматына караганда, 11 аскер Ооганстандын түндүк-батышында орун алган Багдис провинциясында болгон "Талибандын" чабуулунан мерт кеткен. 6-сентябрь күнү эртең менен болгон бул кармашта кеминде 13 согушкер да өлтүрүлгөн.   Ушул эле күнү жоочулар Тахар провинциясындагы өткөрмө бекетке кол салып, сегиз полиция кызматкерин өлтүрүп кеткен. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Рохулла Рауфинин айтымында, дагы бир полиция кызматкери барымтага алынган. Акыркы айда эле “Талибан” ооган... Читать дальше...

7-сентябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

7-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28, Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26, Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31, Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27, Нарында түнкүсүн 2...7, күндүз 23...28 градус. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Трехкратный обладатель Кубка Гагарина уволил тренера и назначил нового


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Большой шлем

Эшли Барти посетила третий этап Формулы-1 в Австралии


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о результатах проекта «Чистая страна»





Путин в России и мире
Москва

Путин оценил перспективы строительства ВСМ Москва — Санкт-Петербург


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

СМИ: Байден и Шольц не успели предложить Москве обменять Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Тимати

Тимати посетил акцию в память о жертвах теракта в «Крокусе»



Москва

Девушка отбилась от насильника на востоке столицы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net