Кызматтык этика: нарк жана намыс
Кыргызстандын социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басарына байланышкан чет өлкөдөгү окуя мамлекеттик кызматкердин этикасы жөнүндө суроону кайрадан күн тартибине чыгарды.
Кыргызстандын социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басарына байланышкан чет өлкөдөгү окуя мамлекеттик кызматкердин этикасы жөнүндө суроону кайрадан күн тартибине чыгарды.
АКШнын Соода министрлиги "америкалык улуттук кызыкчылыктарга" коркунуч туудурган 12 орусиялык компанияга каршы санкцияларды киргизди. "Кара тизмеге" жаңы кирген ишканаларга америкалык товарды жана технологияны сатып алууга тыюу салынат. Аларга компьютердик программалар дагы кирет. АКШнын Федералдык реестринин сайтына коюлган документке ылайык, жаңы чектөөлөр 26-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Кибермейкиндиктеги агрессиясы үчүн "Вектор" илим-изилдөө институту, "Гамма" илимий-өндүрүштүк ишканасы,... Читать дальше...
Америкалык лидер өз сөзүндө Вашингтон Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу багытында Түндүк Корея менен иштешип жатканын белгиледи. Трамп түндүк кореялык лидерге кызматташканы үчүн ыраазычылык билдирип, бирок өзөктүк куралдан толук арылмайынча санкциялар алынбастыгын белгиледи. Трамп “Сириядагы трагедияга” токтолуп, эгер Асаддын режими химиялык курал колдонсо, АКШ “көңүл бурарын” кошумчалады. Трамп бул жолу Иранды айыптап, Тегеран өзөктүк куралдан толук баш тартышы керектигин белгиледи. Читать дальше...
Мыкаачылык менен адам өлтүрүү жана куралдуу каракчылык боюнча айыпталып, 23 жылга эркинен ажыратылган кишиге берилген ырайымды жокко чыгарууну жабырлануучу тарап президент Сооронбай Жээнбековдон суранып жатат. 2017-жылдын ноябрь айында мамлекет башчы берген ырайымына ылайык айыпталуучу калган жазасын жарым-жартылай өтөсө болот.
Мыкаачылык менен адам өлтүрүү жана куралдуу каракчылык боюнча айыпталып, 23 жылга эркинен ажыратылган кишини жатак абакка чыгарган соттук чечимге жабырлануучу тарап нааразычылыгын билдирип жатат. 2017-жылдын ноябрь айында мамлекет башчы берген ырайымына ылайык айыпталуучу калган жазасын жарым-жартылай өтөсө болот.
Бээжин АКШнын кытай товарына бажы төлөмдөрүн көбөйткөнүн “кекиртекке такаган бычакка” салыштырды. Кытай Вашингтон бажы төлөмдөрүн көтөрүп жаткан шартта АКШ менен соода-сатыкка байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эмес экенин шейшембиде билдирди. 24-сентябрда АКШ Кытайдын 200 миллиард доллардык товарына койгон кошумча бажы тарифтери күчүнө кирди. Кытайдын соода министринин орун басары Ван Шоувэн Вашинтон менен Бээжин өз ара “бири-бирине сый менен” мамиле жасаганда гана Кытай сүйлөшүүлөргө ачык экенин билдирди. Читать дальше...
Ош облусунун Кара-Суу районунда кир жуучу аппараттарды өндүрүүчү “Артел электроникс” кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди. Анын айтымында, 25-сентябрда өткөн заводдун ачылышына вице-премьер-министр Замир Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу, Өзбекстандын Кыргызстандагы... Читать дальше...
Дүйнөдө апийим, кокаин өндүрүшү рекордду жаңылап, ажал тапкандар да көбөйүүдө. Деңизде жоголгон индонезиялык боз улан 49 күндөн кийин үйүнө кайтты. Тажикстанда кыздарга көчөдө тийишип, басмырлагандарга каршы күрөш тез эле жыйынтыгын көрсөтүүдө. Өзбекстанда мас дешип, милициянын майорун сабап салышты. Жылдын мыкты футболчусу наамын Месси да, Роналду да албай калды.
Беганас Сартов көп кырдуу талант болгон. Анын каламынан ыр, аңгеме, повесть, атүгүл драмалык чыгармалар жаралган. Ушуга улай таржымачылык өнөрү тууралуу деле кенен-кесир кеп кылса болор эле.
Астана шаарында 25-сентябрга караган түнү журналист Ирина Бекетова киши колдуу болуп каза тапты. Полиция 34 жаштагы жергиликтүү тургун кылмышка шектелип жатканын билдирди. Полициянын басма сөз кызматы 37 жаштагы журналисттин сөөгү өзү жашаган үйдүн жанынан табылганын маалымдады. Полициянын басма сөз кызматы “шектүүнү кармоо боюнча чара көрүлүп жатканын” "Азаттыктын” казак кызматына билдирди. Жергиликтүү маалымат агенттиктери Ирина Бекетова 12 жылдай “Казакстан темир жол жарчысы - Железнодорожник Казахстана" гезитинде эмгектенип жүрүп... Читать дальше...
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды кызматтан алууну сунуштады. Министрлик "элчи дипломаттын этикасын бузду" деп эсептейт. Буга чейин Султан учакта мас абалында жаңжал салды деген Зууракан Каденова тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, бул окуяны жаап-жашырууга аракет кылгандар чыгып жатканын айткан эле.
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети кош жарандыгын жашырган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча депутат Дастан Бекешов сунуштаган мыйзамды биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу комитеттин жыйынына катышкан “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Экинчи окууга чейин парламенттик угуу өткөрүү сунушталды. Депутат сунуштаган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерде башка өлкөнүн да жарандыгы... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын Нью-Йорк шаарындагы 2001-жылы Дүйнөлүк соода борборунун талкаланган мунараларынын ордуна теракттын кесепетинен курман болгон адамдарды эскерүү үчүн орнотулган "11-сентябрь" Улуттук мемориалына гүл койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Жээнбеков Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясындагы жалпы дебаттарга катышуу үчүн келген. Бул күндөрү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттары өтүп жатат. Ага 82 мамлекеттин... Читать дальше...
Улуттар Уюмунда, дүйнө лидерлери чогулган Башкы ассамблеянын быйылкы сессиясынын башталышындагы алгачкы жыйында дүйнө өкмөттөрү маңзат көйгөйүнө каршы күрөшүүгө убада беришти. Бул үчүн долбоорун Кошмо Штаттар даярдаган документке 129 мамлекет гана кол койду. Атайын жыйында маңзат көйгөйү дүйнөдө мурдагыдан күчөп кеткени айтылды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусия президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирияга абадан коргонуу комплекстерин берүү ансыз да согуштан жапа чеккен аймактагы кырдаалды дагы оорлотот деп билдирди. Сүйлөшүү Тель-Авивдин сунушу менен болгон.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жайыт комитеттерине 15 трактор жана эки “Хово” үлгүсүндөгү самосвал берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди. Анын айтымында, Ошко беш, Жалал-Абадга жети жана Баткенге үч даана техника бөлүндү. Транспортторду тапшыруу аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору Бекболот Айтиев, Эл аралык... Читать дальше...
Кыргыз паспортторуна байланыштуу жыл сайын, ай сайын эле чуулгандуу окуялар катталат, паспорттор мыйзамсыз берилген, жасалма паспорттор деп ондогон кылмыш иштери козголот, ондогон адамдарга айып тагылат. Бирок жыйынтыгы эмне менен аяктаганы, ким кандай жаза алганы көп эле учурда белгисиз бойдон калат. "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн бул чыгарылышында биз коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин, мыйзамсыз иштер менен кимдер, кантип шугулданганын иликтедик.
Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинин аны "дипломаттын этикасын бузду" деген сынына жооп берди. Элчи министрликтеги мыйзамсыз иштерди көрүп туруп, ага көз жуумп чыдай албаганы үчүн аргасыз кадамга барган. - Эгерде кайсы бир кемчиликти же коррупциялык иштерди көрүп жатсам, ал тууралуу кайрылган нерседен жыйынтык чыкпаса, анан "муну эми көтөрүүгө болбойт, этикага туура келбейт" деп отуруп алууну келесоолук деп эсептейм. Ошондуктан, бул нерсени ачык айтып чыктым. Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында мектептин кенже окуучулары чатырда билим алып жатат. Буга айылдагы эски мектептин жараксыз абалга келиши себеп болгон. Кулаганы турган билимканадан окуучулар жазында эле чатырларга чыгарылган экен. Жаңы окуу жылына чейин жай табылбагандыктан балдар кайра эле чатырларда сабак окууга мажбур болушту.
Түркмөн бийлиги жаза өтөп жаткан 1722 кишиге мунапыс берди. Президент Гурбангулы Бердымухамедов 740 кишиге түркмөн жарандыгын ыйгарган буйрукка да кол койду. Бул тууралуу дүйшөмбүдө президент Бердымухамедов катышкан өкмөттүн жыйынында жарыяланды. Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйыны өткөн күнү парламенттин (Халк Маслахатынын) мурдатан пландалган отуруму башталган жок. 24-сентябрда парламент жыйыны өтпөсө дагы башкалаа Ашхабадда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, борбордук көчөлөр жабык турду. Читать дальше...
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 26-сентябрда түнкүсүн жана күндүз Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 19…24, Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24, Баткенде түнкүсүн 7... 12, күндүз 22...27, Ош менен Жалал-Абадда, түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27, Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22, Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21 градус болот. Бишкекте да жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн 6…8, күндүз 22…24 градуска жылыйт. Читать дальше...
Кыргызстанда күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын саны азайбай келет. 23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты.
Кыргызстанда күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын саны азайбай келет. 23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты.
Өзбекстандын эки жараны Москва облусунун Мытищи аймагындагы кампада чыккан өрттөн каза тапты. Миң чарчы метр аянтты ээлеген кампадагы жалынды толук өчүрүүгө 16 саат кеткен. Бул тууралуу аймактын чукул кырдаал кызматы билдирди. «1000 чарчы метр аянтты ээлеген темир-бетон кампасында чыккан өрттө Өзбекстандын эки жараны каза тапты, анын бири бала болчу» деп билдирди кызматтын өкүлү. Ал учурда өрт эмне себептен чыкканы такталып жатканын кошумчалады. Эки жыл мурда Москва шаарында типографияда чыккан өрттөн он жети адам ажал тапкан. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шариповго Молдовадагы элчилик милдетти айкалыштырып аткарууга макулдук берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, мындай чечим бир добуштан кабыл алынды. Буга чейин да Украинадагы кыргыз элчилери бул кызматты кошумча Молдова республикасында аткарып келишкен. Жусупбек Шарипов Кыргызстандын Украинадагы элчилигине былтыр 16-ноябрында дайындалган. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.