Бийликтин ырайымы киши өлтүргөндү куткарды
Мыкаачылык менен адам өлтүрүү жана куралдуу каракчылык боюнча айыпталып, 23 жылга эркинен ажыратылган кишиге берилген ырайымды жокко чыгарууну жабырлануучу тарап президент Сооронбай Жээнбековдон суранып жатат. 2017-жылдын ноябрь айында мамлекет башчы берген ырайымына ылайык айыпталуучу калган жазасын жарым-жартылай өтөсө болот.