123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 11.09.2018

Варшавада тажик делегациясы менен оппозициясынын өкүлдөрү мушташты

Azattyk.org 

Варшавада өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жылдык жыйынында Тажикстандан барган расмий делегация менен оппозициянын тарапкерлери мушташа кетти. Өкмөттүк делегациянын бир мүчөсү оппозициянын тарапкери Сулаймони Орзуну бетке муштады. Жабырлануучунун айтмында, ал "Ислам кайра жаралуу" партиясынын мурдагы мүчөсү Аёмиддин Сатторовду "саясий туткундарга эркиндик" деген жазуусу бар баракты карматып сүрөткө тартууга бараткан. Бирок ошол маалда өкмөттүк делегациянын мүчөсү оппозиционерди бетке муштаган. Читать дальше...

Пакистанда камалган экс-премьердин аялы көз жумду

Azattyk.org 

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы, ушул тапта камакта отурган Наваз Шарифтин жубайы Лондондо узакка созулган оорудан улам 68 жашында көз жумду. Шарифтин иниси, Пакистандын “Мусулмандар лигасынын” жетекчиси Шахбаз Шариф “менин жеңем - Наваз Шарифтин жубайы арабыздан кетти” деп "Твиттерине" шейшембиде жазды. Бир күн мурун Калсум Наваздын абалы кескин начарлап, жасалма жол менен дем алдыруу аппараты коюлганын үй-бүлөсү билдирген.  Былтыр августта андан рак илдети аныкталып, Лондондогу жеке клиникада бир нече айдан бери дарыланып жүргөн. Читать дальше...

Эң кары жубайлар Жапонияда жашайт

Azattyk.org 

Орусиядагы шайлоо камоолор менен коштолду, Казакстандык үй-бүлө баласын Түркиядан кайтарып ала турган болду. Орусиядагы кыргыз мигранттардын жүрүш-турушу жалпы улуттун беделине доо кетирүүдөбү? Калининграддагы бир үйдүн тургундары паспортсуз жүрө албайт, Балтика деңизин уулуу балыр каптап жатат. Дүйнөдөгү эң кары жубайлар Жапонияда. "Азаттыктын" "Каректе Евразия" телепрограммасынын кезектеги чыгарылышында ушул темалар тууралуу айтып беребиз.



Гуревичтин билдирүүсү парламентте каралбай калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети 11-сентябрдагы отурумунда Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревичтин чуулгандуу билдирүүсүн кеңейтилген курамда, башкы прокурордун жана тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен териштирүү тууралуу чечим кабыл алды.

Ооганстанда кол салуудан ондогон киши набыт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында жанкечтинин жардыруусунан 30дан ашуун киши курман болуп, 130дан көп адам жаракат алды. Бул тууралуу провинциянын губернаторунун басма сөз кызматы "Азаттыктын" ооган кызматына билдирди. Айрым маалымат каражаттары шейшембидеги кандуу чабуулда өлгөндөрдүн саны 30га жеткенин кабарласа, жергиликтүү кеңештин депутаты Сухраб Кадери кеминде 45 киши каза таап, бир нече адам ооруканага түшкөнүн маалымдады. "Толо" жаңылыктар агенттиги Нангархардын саламаттыкты сактоо башкармалыгына шилтеме берип... Читать дальше...

Дүйнөдө ачарчылыктын азабын тарткандар көбөйүп жатат

Azattyk.org 

Улуттар Уюмунун баяндамасында айтылгандай, соңку үч жылда дүйнөдө ачарчылыктан жапа чеккендердин саны өскөн. Былтыркы көрсөткүч 10 жыл мурунку деңгээлге түштү. Баяндамада дүйнөдө 821 миллион киши, башкача айтканда планетадагы ар бир тогузунчу киши курсагы тоё тамак жебегени айтылат.  “Дүйнөдөгү тамак-аш коопсуздугу жана азыктануу” деп аталган баяндамада ачарчылыктын деңгээли Африкада жана Түштүк Америкада жогору экени белгиленет. Төрт жыл мурун дүйнөдө 600 миллион киши жетиштүү тамак жебегени аныкталса, былтыр ал көрсөткүч өскөн. Читать дальше...

Түрк элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Azattyk.org 

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 11-сентябрда Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, эки өлкөнүн алака-катышындагы маселелер талкууланды. Тышкы иштер министрлигинин кабарына ылайык, кыргыз тарап элчиге "коомчулукка объективдүү маалыматты гана жеткирип туруу каалоосун айткан". Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанда 1-2-сентябрда расмий сапар менен болгон. Бул сапардын жыйынтыгы тууралуу элчи Женгиз Камил Фырат Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, "Сапат" билим берүү мекемелеринин... Читать дальше...



Жээнбеков: Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын авторлугун сактоо шарты менен Түркияга берилди

Azattyk.org 

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезеги Кыргызстандын авторлугун сактоо шарты менен Түркияга берилди. Бул тууралуу президенти Сооронбай Жээнбековдун үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктагандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга, чыгармачыл жамааттарга, өнөрпөздорго, демөөрчүлөргө, ыктыярчыларга жана коомдук тартипти камсыз кылгандарга ыраазылык айткан кайрылуусунда жазылган.  Президенттик аппарат тараткан Жээнбековдун билдирүүсүндө эл аралык эксперттер үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын... Читать дальше...

Жол коопсуздугу: экинчи дубль болбойт

Azattyk.org 

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кыска тасма тартты. Бул тасмалар ЕККУнун колдоосу алдында "Медиа Лаб" студиясы тарабынан тартылды. Бирикменин өнөктөштөрү: ЖКККБ жана актерлор - Самат Эркинбеков, 2-класстын окуучусу Айдин Кенжебек уулу, Жаныш Майрамбек уулу, Нуржаасын Жумагулов.

Жээнбеков: коррупция менен күрөштөн түшкөн акчага мектеп куралы

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандагы билимдин сапатын жогорулатуу, системаны реформалоо, мектептердин санын көбөйтүү тууралуу сөз болду.   Жээнбеков бир шаардын ичинде жайгашкан мектептерде чоң айырмачылык болуп жатканын белгилеп, мектеп директорлорунун жана мугалимдердин жоопкерчилигин карап чыгуу зарылдыгына токтолду. Анын айтымында... Читать дальше...

Президентке кайрылган имам иштен алынды

Azattyk.org 

Орусияда "Чыгыш-2018" аскердик машыгуусу башталды. Ташкентте президент Шавкат Мирзиёевге видео кайрылуу жасаган имам кызматтан алынды. Америкада шейшембиде 2001-жылдын 11-сентябрында болгон террордук чабуулдардын 17 жылдыгы белгиленет.

Бакиров: Шадиевдин мандатын кароо күн тартибине киргизиле элек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мандатына байланышкан маселе азырынча парламенттин күн тартибине киргизиле элек. Бул тууралуу вице-спикер Мирлан Бакиров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Шадиевдин канча күн жумушка келбегенин Жогорку Кеңештин аппараты эсептеп чыгып, депутаттарга сунуштоосу керек:   - Шадиевдин маселесин кароо азырынча күн тартибинде жок. Анын канча күн келбегенин аппарат аныктап бериши керек. Депутаттар аны карабайт. Читать дальше...

Сенцов: Үмүт жок, бирок мен багынбайм

Azattyk.org 

Украиналык режиссер Олег Сенцовдун саламаттыгы күндөн күнгө начарлап баратат. Бул жөнүндө бөлөсү Наталья Каплан 10-сентябрда "Фейсбукка" жазды. Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп Орусия соту тарабынан 20 жылга кесилген режиссер 121 күндөн бери ачкачылык кармап келатат.

Аскердик машыгуу чоң согушка даярдыкпы?

Azattyk.org 

“Чыгыш-2018” аттуу аскер машыгуусу башталды. Орусия Коргоо министрлиги буга чейин мындай масштабдагы машыгуу болгон эмес деп жатат. Удаа эле Украинада НАТОнун да машыгуулары өтүүдө. Батыш менен Орусия качан ымга келет?

Мадумаров: Жээнбеков Атамбаевдин көчүн улантууда

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 11-сентябрда Бишкекте журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Ал журналисттердин мурдагы жана азыркы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамиле, Ысык-Көлдө 2-8-сентябрда өткөн үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, коррупцияга каршы күрөш тууралуу суроого жооп берип жатып Кыргызстанда мыйзамсыздык күчөп жатканын айтты. Ал "азыркы президент мурдагы бийликтин көчүн улантып жатат" деп эсептейт: - Коррупцияга... Читать дальше...

АКШ Эл аралык Кылмыш сотун айыптады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Эл аралык Кылмыш сотуна каршы санкция колдонушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жасады. Эл аралык кылмыш соту болсо буга жооп кылып, өз ишин өзгөрүүсүз уланта берерин белгиледи. АКШ аталган сотту түзүү боюнча эл аралык келишимди ратификациялаган эмес.

Парламент комитети Гуревичтин билдирүүсүнө байланышкан маселени караган жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети 11-сентябрдагы жыйынында кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревичтин айткандары тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматын уккан жок.   Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун ордуна жыйынга анын басары Нурлан Дүйшөмбиев келди. Комитет төрайымы, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко башкы... Читать дальше...

Кош жарандыгы бар талапкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерде башка өлкөнүн да жарандыгы бар болгон учурда аларды жоопко тартуу сунушталууда. Бул сунушту Кылмыш-жаза кодексине киргизүү боюнча мыйзам долбоор бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде талкууланды.  Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев иштеп чыккан. Анда чет элдик жарандыгын жашыргандарды эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушу камтылган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Владимир Спиваков

«Без сострадания нет большого художника»: музыканты Спивакова дают благотворительные концерты в Оренбурге





Персональные новости
Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)





АКШ: “Флоренс” бороонунан улам эки штатка атайын режим киргизилди

Azattyk.org 

Американын Түндүк жана Түштүк Каролина штаттарында жээкке жакындап калган “Флоренс” катуу бороондон улам өзгөчө кырдаал режими киргизилип, тургундарды коопсуз жактарга көчүрүүгө даярдык көрүлө баштады. Түштүк Каролинанын губернатору Генри Макмастер Атлантика океанынын жээгинен бир миллионго чукул кишини көчүрүү каралып жатканын билдирди. Андан тышкары катуу бороондун эпкини жетиши мүмкүн делген Виржиния жана Мэриленд штаттарында да өзгөчө кырдаал жарыяланды. “Флоренстин” кубатын төрт баллга чейин жетет деп баалап жатышат. Читать дальше...

Ташкентте президентке кайрылган имам кызматтан алынды

Azattyk.org 

Ташкентте президентке видео кайрылуу жасаган имам-хатиб Фазлиддин Парпиев кызматтан алынды. Коңшу өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгы тараткан билдирүүгө караганда, Парпиев Этика комитетинин чечими менен иштен алынды. Өткөн аптада жума намаз маалында Ташкенттеги Омин мечитинин имамы, 32 жаштагы Фазлиддин Парпиев эркек мусулмандарга сакал коюуга, аялдарга хижаб кийүүгө тыюу салып жаткан укук коргоо кызматтарын сындаган. Андан мурда президент Шавкат Мирзиеёвге видео кайрылуу жасап, дин эркиндигин сактоого жардам берүүнү өтүнгөн. Читать дальше...

Орусияда ири аскердик машыгуу башталды

Azattyk.org 

11-сентябрда Ыраакы Чыгышта соңку он жылдагы “Чыгыш 2018” деп аталган ири аскердик машыгуулар башталды. Бул тууралуу кабар Орусиянын Коргоо министрлигинин интернет сайтына жарыяланды.   Бир жумага созулчу машыгууларга танапташ Кытай менен Монголия да кошулган. Жалпысынан 300 миңдей аскер, миңден ашуун учак жана пилотсуз учуучу аппараттар; 36 миңге чукул чопкутталган унаа жана башка техника, 80дей кеме жана жардамчы кемелер тартылат. "Кансыз согуш", жарыша куралдануу күч кезинде, 37 жыл мурда... Читать дальше...

Абакта ачкачылык кармаган Сенцов керээз катын жазды

Azattyk.org 

Украин режиссеру Олег Сенцовдун саламаттыгы күндөн күнгө начарлап баратат. Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп орус соту тарабынан 20 жылга кесилген режиссер 121 күндөн бери ачкачылык кармап отурат. Сенцов бөлөсү Наталья Капланга абактан жазган катында “абалым жаман, эми аба жетпей гипоксия болуп жатам, башым тегеренип, бүт денем, буту-колум сенек болуп жатат” - деп кабарлаган. Режиссер “бул окуянын оң аяктаарына көзүм жетпей турат, бирок мен багынбайм” – деп керээзин жазган.  Буга чейин... Читать дальше...

Көчмөндөр оюндары: даңазага жараша милдет

Azattyk.org 

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жан дүйнөнү козгоп, көз жоосун алган көрүнүш гана эмес Кыргызстан үчүн мыкты жарнама болуп берди. Кыргызстан дагы бир жолу оюндарды татыктуу өткөрүп, аны менен жалпы Борбор Азиянын маданиятын өзгөчө кызыктуу жана ишенимдүү даңазалай алды.

АКШ 2001-жылкы апаатты эскерип жатат

Azattyk.org 

Шейшембиде америкалыктар 2001-жылдын 11-сентябрында болгон террордук чабуулдардын 17 жылдыгын эскеришет. Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун жанында, Вашингтондогу Пентагондун имаратынын алдында өтө турган эскерүү иш-чараларына миңдей киши катышары кабарланды.  АКШ президенти Доналд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп 17 жыл мурда төрт учактын бири кулаган талаада өткөрүлө турган эскерүү иш-чарасына барышары маалымдалды. Ал жердеги окуяда 40 киши курман болгон. 2001-жылдын 11-сентябрында... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Baza: пистолет нашли в машине вице-президента федерации бокса Ингушетии


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Лучшая теннисистка мира сделала заявление перед матчем с Еленой Рыбакиной


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Москвичи обнаружили зайчат на природных территориях столицы





Путин в России и мире
Москва

Кремль: в Москве 22 апреля состоится встреча Путина с Алиевым


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Игорь Бутман

Бутман: не стоит обращать внимания на выбранную МОК музыку для россиян на ОИ



Москва

Инсайдер Яны Поплавской: Ургант и его команда - в постоянной готовности. Ждут сигнала из "Останкино"?

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net