Жалал-Абад шаарында жер астындагы өтмөк ачылды
Жалал-Абад шаарынын Нагима Айтматова жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине курулган жер алдынан адамдар өтүүчү өтмөктүн курулушу бүтүп, 27-сентябрда ачылды.
Анын узундугу 30, туурасы 6 метр. Курулушуна жергиликтүү бюджеттен 13 миллион сом бөлүнгөнү кабарланган.
Курулуш иштери быйыл жазда башталган. Алгач 31-август - Эгемендик күнүндө пайдаланууга берилери айтылган, бирок курулуш иштеринен улам бир айга жакын убакыт кечикти.
Өтмөк куруу демилгеси шаардын мурдагы мэрине таандык.
Шаардын Ленин көчөсүнө буга чейин жөө адамдар өтүүчү эки асма көпүрө курулган. (RsK)