Чехия Германиянын качкындарды кайра бөлүштүрүү сунушун кабыл алган жок
Чехия өкмөт башчысынын "Бир да качкынды каалабайбыз" деген маеги анын партиясынын гезитине жарыяланды. Андрей Бабиш шаршембиде Берлинде Германия канцлери менен да бул маселеде тил табыша алган жок. Ангела Меркел качкындар Италиянын жээктерине түшүп, натыйжада ушул өлкөгө күч келип жатканын, аларды Евробиримдик ичинде тең бөлүшүү зарылдыгын эске салган. Эң аярлуу 200 миңдей качкынды бөлүп алуу мурда макулдашылган, бирок ал аткарылбай келе жатат. Буга Чехиядан тышкары Венгрия, Польша жана Словакия кескин каршы. Читать дальше...