Британия БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын талап кылды
Улуу Британия орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызынын ууланышындагы жаңы жагдайларга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулууга чакырды.
Жыйын бүгүн, 6-сентябрда болушу мүмкүн экенин Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Карен Пирс билдирди.
Британия өкмөтү Сергей Скрипалды өлтүрүү аракетин көргөн орусиялык эки жаран Орусиянын атайын кызматтарынын агенттери деп эсептейт. Британ премьер-министри Тереза Мэй 5-сентябрда парламентте билдирүү жасаган учурда тергөө өкмөттүн буга чейинки ырастоолорун бышыктаганын айтты.
Лондон быйыл мартта Солсберидеги кол салуудан кийин дароо ал окуя үчүн жоопкерчиликти Москвага жүктөгөн.
Буга чейин британ прокуратурасы ууландырууга шектелген орусиялык эки кишинин сүрөттөрүн жана ысымдарын жарыялаган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Александр Петров менен Руслан Боширов Британияга жасалма паспорттор менен 2-мартта кирген. Негизги далил катары алар турган мейманканада “Новичок” затынын издери табылганы айтылууда.
Орусия ууландырууга тиешеси жоктугун кайталап, өз дарегине айтылган айыптардын баарын четке кагып келатат.
Скрипал, анын кызы Юлия жана алар табылган жерге барган полициячы март айында Солсбери шаарында "Новичок" деген нервди шал кылуучу зат менен ууланган.