Азия кубогу: БАЭ Катарга 4:0 менен утулду
Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунда үй ээлери жарым финалда Катарга 4:0 эсеби менен утулуп, финалга чыкпай калды.
Катардын алгачкы голу 22-мүнөттө кирсе, акыркы - төртүнчү голу 93-мүнөттө жазылды.
Натыйжада Катар финалда Жапония менен кубок үчүн ойнойт. 28-январда жапондор Иранды 3:0 эсеби менен утуп алган эле.
Азия кубогунун финалы 1-январда, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Быйылкы Азия кубогуна тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын улуттук курама командасы катышып, 1/8 финалында БАЭге 3:2 эсебинде утулуп калган. (SDz)