AI: былтыр Иранды массалык кармоолор каптады
Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International - AI) 2018-жылы Иранда жети миңден ашуун киши камалганын билдирип, былтыр Тегеран үчүн “уялгыдай” жана “ырайымсыз репрессия өнөктүгү” ишке ашкан жыл болгонун билдирди.
Эл аралык уюмдун баяндамасында айтылгандай, 2018-жылы студенттер, журналисттер, эколог-активисттер, жумушчулар жана укук коргоочулар камакка алынган.
Кармалгандардын арасынан элүүгө чукулу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, алардын бери дегенде жыйырмасы “шарты катаал түрмөлөргө” айдалса, айрымдары “адилетсиз сот чечимине” дуушар болушкан.
Эл аралык уюмдун өкүлү Филип Лютер “2018-жыл Ирандын тарыхында “уялгыдай жыл болуп калганын” белгиледи.
Баяндамада иран бийлиги сөз эркиндигин кысымга алып, адамдардын эркин чогулуу укугун чектеп, нааразылыкка чыккандарды жапырт кармады” – деп айтылат.
23-январда иран соту журналист Яшар Солтанини беш жылга кести. Мамлекеттик IRNA агенттиги сот журналистти “бурмаланган маалымат берген жана бийликтин беделин түшүргөн” деп тапканын кабарлады. Соңку кезде Солтани коомдук мекемелердеги коррупцияны иликтеп жүргөн.
Бийлик акыркы айларда башка дагы бир нече журналистке жана активисттерге "коопсуздукка шек келтирди" деп кине тагып, камакка алды.
22-январда жазуучулар Реза Махабади, Кэйван Баян жана Бекташ Абтин “улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан” деген айып менен камалды.
Активисттер Реза Хандан жана Фархад Месами ар бири алты жылдан экринен ажыратылды. Декабрда журналист Хамед Айнхванд алты жылга кесилди.