Баткен шаарында ата-энеси миграцияда жүргөн 720дай бала катталды
Ал эми укук коргоочулар ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар экенин, алардын ичинен 119 миң баланын ата-энеси миграцияда жүрүшкөнүн айтып келишет.
Мындай маалыматты Баткен шаардык мэриясынан “Азаттык” радиосуна кабарлашты. Аймакта атайын штаб түзүлүп, курамында ар тармактан өкүлдөр камтылган комиссия ата-энеси миграциядагы балдардын жашоо- шарты менен таанышып, так маалымат даярдоо максатында үймө-үй кыдыра баштаган.
Расмий кабарга ылайык, шаар боюнча жакындары чет өлкөгө иштегени кеткен 722 бала такталды. Эми алардын канчасы мектеп жашына чейинкилер, канчасынын ата-энесинин экөө тең же бири четке кеткени такталууда.
Укук коргоо кызматтарынын маалыматында Баткен облусунун аймагында мектеп жашындагы 15 миңден ашык баланын ата-энеси миграцияда экени айтылып жүрөт.
Кыргызстандын аймактарында мигранттардын туугандарында жана тааныштарында калган балдар зомбулукка кабылган учурлар катталган. Үймө-үй кыдырып, балдардын эсебин тактап, атайын база түзүү иш-чаралары башка аймактарда да жүрүп жатат.
Укук коргоочулар ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар экенин, алардын ичинен 119 миң баланын ата-энеси экөө тең миграцияда жүргөнүн айтып келет. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эсебинде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны Кыргызстан боюнча 175 миңдин тегерегинде. (JsA)