AI: Ирандык эки активисттин өмүрү өтө коркунучта
“Эл аралык мунапыс” уюму ирандык эки активист Эсмаил Бахши жана Сепиде Голиан камакта отурганда ур-тепкиге жана башка зомбулукка кабылганын айтышкандан кийин кайра камакка алынганын билдирди. Укук коргоочу уюм эки активист камакта дагы “кыйноого кабылып, өмүрү коркунучка кептелерин” эскертти.
Бахши менен Голиан 20-январда Хузестан провинциясынын борбору Ахваз шаарында кармалышкан. Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча обсерваториянын маалыматында алар былтыр жыл этегинде абакта көргөн азап-тозокту коомчулукка ачык айтып чыгышкан.
Эл аралык Мунапыс уюмунун өкүлү Филип Лютер “алардын кайра кармалышы жабык жайларда адамдар кандай кордук көрүп жатканы тууралуу ооз ачырбоонун аракети” деп билдирди.
Эл аралык уюмдун өкүлү Иран бийлигин тезинен Бахши менен Голианды эркиндикке чыгарууга үндөп, аларды кыйнаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылды.
Ирандык эки активист былтыр 18-ноябрда Хузестан провинциясында нааразылык демонстрациясына катышып, жергиликтүү кант чыгарган завод жумушчуларына маяна төлөбөй жатканын көтөрүп чыкканда камалган.