Ташкент АКШда өзбек пахтасына бойкот жарыялагандар менен сүйлөшүү жүргүзөт
Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы АКШга барып, эл аралык "Cotton Campaign" коалициясынын жыйынына катышат. Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, сапар 4-6-февралда болот.
Эл аралык "Cotton Campaign" («Пахта кампаниясы») коалициясына эмгек жана укук коргоо уюмдары, инвесторлор, бизнес-уюмдар кирет. Ал 2010-жылы балдар эмгегинин колдонулганына байланыштуу өзбек пахтасына бойкот жарыялаган. Акцияны жүздөн ашык дүйнөлүк бренддер колдогон.
Өзбек чиновниктери АКШга барганда "Nike", "Zara", "GAP", "Levi's", "H&M", "UNIQLO" сыяктуу өзбек пахтасынан баш тарткан чет өлкөлүк бренддердин өкүлдөрү менен жолугушууну пландашууда.
2018-жылы июлда АКШнын Эмгек министрлиги өзбек пахтасын тыюу салынган товарлар тизмесинен чыгарган. Бирок "Cotton Campaign" министрликтин чечимин четке кагып, балдарды мажбурлап иштетүүгө каршы көп жумуштар жасалганы менен өспүрүмдөрдү пахта теримге тартуу көрүнүшү уланып жатканын билдирген.