Мексикадагы кырсыктан мерт болгондордун саны 73 адамга жетти
Мексикада мунай кууру жарылган жерде каза болгондордун саны, акыркы маалыматтарга караганда, 73кө жетти. Дагы 74 адам жараат алып, ооруканада жатат.
Кырсык болгон Идалго штатынын губернатору Омар Фаяддын айтымында, аман калгандарды табуу дээрлик мүмкүн болбой калды:
- Убакыт өткөн сайын аман калгандарды табуу мүмкүн болбой баратат. Жараат алгандардын абалы улам начарлап жатат. Кээ бир бейтаптарды, айрыкча өспүрүмдөрдү Техастагы бейтапканага жөнөтүп жатабыз.
Расмий маалыматка караганда, жарылуу куурду өз алдынча оюп алышкан жерде болгон. Ал жакта мунай чогултуп жүздөгөн адам иштеп жаткан.
Мунай уурдоого каршы күрөшүү Мексикада орчундуу маселелердин бири. Кырсыктан кийин өкмөт мунайды кайра иштетүүчү заводдорду кайтарууну күчөттү.(RK)