Трамп чек арага дубал куруу боюнча жаңы сунуштарын айтты
АКШ президенти Дональд Трамп мигранттарга каршы дубал орнотуу маселеси боюнча жаңы сунушун айтты. Өз сөзүндө ал федералдык бюджеттен дубал курууга каршы чыгып жаткан демократтарга кайрылып, бир пикирге келишели деди:
- Учурда бардыгы биздин түштүк чек арабыз гуманитардык кризиске айланганын билет. Бул ошондой эле улуттук коопсуздук кризиси. Ал жерде маселе көптөгөн жылдардан бери топтолуп келген. Убакыт өткөн сайын абал ого бетер курчуп баратат. Себеби бизге келем дегендер көп жана бизге кереги жок адамдар да көп. Кылмышкерлердин, адам сатуучулардын, маңзат ташыгандардын биздин өлкөгө кереги жок. Келгиле, иштей баштайлы. Келишели. Көптөгөн демократтар мени менен макул, бирок ачык айткандан коркуп жатышат. Түштүк чек арабызды коргошубуз керек.
Биринчиден, Трамп АКШга мыйзамсыз көчүрүлүп келген балдарды юридикалык камкордукка алууну сунуштады. Экинчиден, Мексика менен 3145 чакырымдык чек ара тилкесинин баарына эмес, 370 чакырымына гана тосмо коюуну жана АКШнын Чек ара-бажы кызматына кошумча 2750 жаңы кызматкер алуу керектигин айтты.
Трамп өлкөнүн түштүк чек арасына дубал куруу үчүн Конгресстен беш миллиарддан ашык доллар сураган. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар буга макул болгон эмес. Мындан улам федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп турат. (RK)