Православдардын ыйык майрамы
Дүйнөдөгү бардык православдар бүгүн Ыйык Чокунуу майрамын белгилеп жатышат. Таң эрте Каракол шаарында чиркөө кызматкерлери Кудайга сыйынып, каалоочуларды сууга түшүрүп, чокунтуу жөрөлгөсүн өткөрүштү. Караколдо христиандар шаардын ортосунан агып өткөн сууга жуунуп, андан соң идиштерине куюп алышты. Ыйык Троицк чиркөөсүнүн башчысы Сергей Чувичкин православдарды майрамы менен куттуктап, жалпы адамзатка суудай аруулукту, тазалыкты каалады.