Трюдо Кытайда канадалык жаранга чыккан өкүмдү айыптады
Кытайда баңгизат аткезчилигине шектелип кармалган Канаданын 36 жаштагы жараны Роберт Ллойд Шелленбергге чегерилген өкүм өзгөрүлдү. Сот абакка кескен мурунку өкүмүн өлүм жазасына алмаштырды.
Канадалык жарандын үй-бүлөсү соттун чечимин “адамкерчиликсиз” деп баалады. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо кытай бийлигин өлүм жазасын “туш келди колдонуп жатканы” үчүн сындады.
“Кытайдын өлүм жазасын туш келди колдоно бергени бизди өтө тынчсыздандырат” – деп Трюдо соттун чечимин комментарийледи.
Шелленберг кытай түрмөсүндө беш жылдан бери отурат. Ал 2014-жылы Кытайдан Австралияга 227 килограмм метамфетамин баңгизатын жөнөтүүгө шектелип кармалган. Кытай соту аны былтыр ноябрь айында баңгизат аткезчилиги боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга абакка кескен.