ТИМ чет элдеги журтташтар үчүн мессенжер-канал ачты
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-январдан тартып чет элдеги журтташтар үчүн мессенжер-канал иштете баштады. Мекеменин маалымат департаменти билдиргендей, мекендештер суроо-талаптарын "WhatsApp", "Telegram", "WeChat" жана "Viber" аркылуу жөнөтүп, кеп-кеңеш алса болот. Номуру - +996 551 312-000. Билдирүүлөр текст, үн, фото жана видео түрүндө кабыл алынат.
"Күнү-түнү иштеген бул канал чет жактагы жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн жана алардын укуктарын коргоо максатында ачылды" деп айтылат маалыматта.
Дүйнөнүн чар тарабында жашап, окуп, иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын саны расмий эсепте миллиондон ашат. Расмий эмес маалыматтар боюнча алар алда канча көп экени айтылат. Эң көбү Орусияда. (SE)