Орусия Кыргызстанга Тажикстан менен болгон чегарасына застава куруп берди (фото)
Ош, 10-январь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. 2019-жылдын 10-январында мамлекеттик чегаранын кыргыз-тажик участкасында, “Ортобоз” жана “Достук” чегара заставаларынын жаңы комплекстери жана аталган кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын “Бөрү” атайын милдет аткаруучу отрядынын комплекстүү имараттары пайдаланууга берилди.