Орус миграция саясаты, Тажикстандын жаңы ГЭСи
Орусия миграциялык саясатын өзгөртүүдө. Алдыдагы алты жылда миллиондогон киши өлкөгө келет деп жатышат. Ошол эле учурда көзөмөл, текшерүү да күчөтүлөрү күтүлүүдө. Мунун кыргыз мигранттарына таасири кандай? Тажикстан 40 жылдан берки кыялын ишке ашырууда. Рогун ГЭСи 16-ноябрдан тарта биринчи агрегатын ишке бермей болуп жатат.