Македониянын экс-премьер-министри кайда экени белгисиз
Венгриянын Тышкы иштер министри Петер Сийярто Македониянын мурдагы өкмөт башчысы Никола Груевскийдин кайда жүргөнү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Анын алдында экс-премьер Венгрияга качканын, ал өлкөдө саясий башпаанек сураганын айткан.
Груевский "Фейсбуктагы" баракчасына жазгандай, көптөгөн жолу өлтүрөбүз деп опузалашканда, мекенинен качууга аргасыз болгон. Мындан жарым жыл мурун экс-өкмөт башчы коррупцияга айыпталып, эки жылга түрмөгө кесилген.
9-ноябрда сот анын апелляциясын четке каккандан кийин ал жазасын өтөөнү баштоо үчүн тиешелүү органдарга барган эмес. Македониянын полициясы 12-ноябрда Груевскийди кармоо ордерин чыгарган. Ал премьерликти 20006-2016-жылдары аркалаган. Мурда оппозициядагы улутчул партиясынын лидери болчу.