Парламент «Digital CASA-Кыргызстан» долбооруна добуш берген жок
Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 14-ноябрдагы сессиясында "Digital CASA - Кыргызстан” долбоорун каржылоону макулдашуу боюнча мыйзам долбоору каралды.
Депутаттарга Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымат берди.
Анын айтымында, «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Бул каражаттын жарымы насыя, жарымы грант. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилмекчи. Долбоор 2019-жылы ишке ашырыла баштайт деген план бар.
- Долбоордун алкагында, санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат. Ошондой эле, бул долбоор аркылуу элет жергесинин алыскы аймактары сапаттуу жана ыкчам Интернет менен камсыз болот, - деди Бакыт Шаршембиев.
Жыйында "долбоорго жумшалчу чыгымдар так эсептелген эмес" деген сындар айтылды. Натыйжада мыйзам долбоорун добуш коюп, бекитүү маселеси күн тартибинен алынды. Тиешелүү мекемелер долбоорду толуктап, тактап алып келмей болушту.
Бийлик бул долбоор Кыргызстанды Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу IT хаб өлкөсүнө айландырууну көздөй тургандыгын айтып келет. (NT)