Жогорку сот Токтакуновдун Башкы прокуратурага каршы арызын негиздүү деп тапты
Кыргызстанда Жогорку сот бүгүн, 13-ноябрда “Прецедент” өнөктөштүк тобунун жетекчиси, юрист Нурбек Токтакуновдун Башкы прокуратурага каршы арызын негиздүү деп тапты. Бул тууралуу Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдирди.
Токтакунов мындан бир жарым жыл мурда, 2017-жылдын жайында "Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кириши боюнча пландарды аткаруууда шалаакылык кылган" деген негизде өкмөт мүчөлөрүнө каршы Башкы прокуратурага кайрылып, кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийин Башкы прокуратуранын жообуна канаттанбай, сотко берген. Анын арызы сотто карала баштаган.
Ал өкмөттүн кайдыгерлигинен улам ЕАЭБге кирүү боюнча пландар аткарылбай, учурда "дыйкандар, ишкерлер жабыркап жатат" деп эсептейт.
Жогорку сот бүгүнкү чечим тууралуу маалымат бере элек.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунда расмий мүчө болгон. Бийлик бул уюм "Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жана жергиликтүү айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоого чоң өбөлгө түзөт" деп убада берген. Анткен менен үч жылдан бери ата мекендик дыйкан-фермерлер экспорт маселесинде бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатышат.
Уюмдун курамына Кыргызстандан тышкары Орусия, Армения, Казакстан жана Беларусь да кирет. (NT)