Прокуратура Токтогулдагы фонддун кызматкерлерине козголгон иштердин чоо-жайын түшүндүрдү
"Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын, Жаз-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражатын башкаруу боюнча дирекциясы” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына быйыл козголгон кылмыш иштери токтоп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук прокуратура билдирди.
Андан алынган маалыматка караганда, Токтогул районунун атайын фондунун жооптуу кызматкерлерине карата быйыл май айында Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 306 (“Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу”) жана 171 (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу”) беренелеринин негизинде эки сыйра козголгон кылмыш иши токтоп турат. Анткени Токтогул райондук ички иштер бөлүмү “соттук бухгалтердик”, “соттук курулуш” экспертизаларынын корутундулары чыга электигине байланыштуу тергөөнү убактылуу токтоткон.
Токтогулдагы жергиликтүү кенештин депутаттары жана айылдын тургундары буга чейин атайын фонддун акчасы туура эмес максаттарга жумшалып, коррупциялык иштер жүрүп жатканын айтып чыгышкан.
Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндардын ордун толтуруу максатында түзүлгөн Токтогул районунун атайын фондунун каражатына жыл сайын 70 миллион сомго чукул каражат которулуп турат. Ал каражаттар район аймагындагы ирригациялык тармакка жана социалдык обьектилерди курууга жумшалат. (RsK\ErN)