"Чыңгыз Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы башталат
Бүгүн, 12-ноябрда "Чыңгыз Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы башталат. Ага Кыргызстандын, Орусия, Азербайжан, Тажикстан жана Казакстандын театрлары катышат. Алар 17-ноябрга чейин Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди тартуулашат. Фестиваль Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Кирүү акысыз.
Улуу жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл декабрда 90 жашка чыкмак. Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Шекер айылында төрөлгөн.
Жазуучунун 90 жылдыгын Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы чыккан. (КЕ)